Эмгек министри Равшанбек Сабиров: Жумуш орундар жарманкеси – үмүт менен мүмкүнчүлүктүн көпүрөсү

Бүгүн, 22-апрелде Бишкек шаарында өтүп жаткан жумуш орундар жарманкесин Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров ачты.
Жарманкеде 60ка жакын компаниялар ар түрдүү тармактар боюнча 5 миңге жакын бош жумуш орундарын сунушташууда. Алардын катарында: ЖАК “Coca-Cola”, ААК “Бишкексүт”, ЖЧК “Баркад”, ЖАК “Мегаком”, ЖАК “Скай Мобайл”, ЖЧК “Бай Таш Групп”, Элдик банк, Мбанк, Hyatt Regency Bishkek, МИ “Кыргыз Темир Жолу” жана башкалар бар.
“Бүгүнкү жарманке үмүт менен мүмкүнчүлүктүн ортосундагы чыныгы көпүрө болуп саналат. Ал силердин бардык максаттарыңарды жана жакшы тилектериңерди ишке ашырууга жол ачат. Президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги алдында Кыргыз Республикасы экономикасынын тарыхый тез өсүшүн башынан кечирүүдө. Мунун далили катары – бүгүнкү күндө жүздөгөн багыттар жана миңдеген бош жумуш орундар кесипкөйлөрдү күтүп жатат. Эми жумуш издеп мекенибизден кетүүнүн кереги жок: өз өлкөбүздө туруктуу иш менен камсыз болууга чыныгы мүмкүнчүлүктөр түзүлүп жатат. Бул жетишкендиктер – туура экономикалык саясаттын, натыйжалуу башкаруунун жана өлкөнүн жаркын келечегине багытталган стратегиялык демилгелердин жыйынтыгы”, – деди Равшанбек Сабиров жумуш издөөчүлөргө, студенттерге жана мектеп бүтүрүүчүлөрүнө.
Министр белгилегендей, жарманке калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүүгө, эмгек рыногундагы атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатууга, факультеттер жана адистиктер менен таанышууга бардык мүмкүнчүлүктөрдү берет.
“Жарманкеге кесипке алгачкы кадамдарын таштаган жана келечекке чоң үмүт арткан, жогорку эмгек потенциалы бар жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү катышууда. Бүгүнкү жарманке сиздин ийгиликтүү карьераңыздын башталышы болот деп терең ишенебиз. Мындан тышкары, мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн кесипке багыт берүүчү тестирлөөдөн өтүү жана адистерден консультация алуу үчүн шарттар түзүлгөн. Бул иш-чаралар Сиздердин күчтүү жана жөндөмүңүздөрдү аныктоого жардам берет”, – деди Эмгек министрлигинин жетекчиси.
Ошондой эле жарманкеге катышуучулар мастер-класстарга, кесиптик оюндарга жана викториналарга катышып, жумушка орношууга көмөк көрсөтүү боюнча кызматтар, кыска мөөнөттүү курстар, жаштар үчүн тажрыйба программалары тууралуу кеңештерди алышты.
Дүйнөнүн төрт жолку чемпиону, Олимпиада чемпиону, эмгек сиңирген спорт чебери Каныбек Осмоналиев жаштар үчүн мастер-класс өткөрдү”, – деп белгиледи Эмгек министрлиги.
Пайдалуу
Ссылкалар