Россиядан кайткан мигранттарга кайсы өлкөлөргө барып иштөөгө мүмкүнчүлүк бар?
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулунун айтымында, акыркы жылдары Россиядагы кыргызстандык мигранттардын саны кескин азайды.
“Мисалы, бүгүнкү күндө 600 миңдей кыргызстандык тышкы миграцияда болсо, анын 379 миңи Россия жергесинде. 2020-жылдагы маалыматта Россиядагы кыргызстандык мигранттардын саны 680 миңге чамалачу”, – деди ал.
Бакыт Дарманкул уулу белгилегендей, кыргыз бийлиги башка өлкөлөрдөгү кыргызстандыктардын кыйынчылыктарын азайтууга гана эмес, аларды мекенине кайтарууга да кызыкдар. Ошол эле маалда миграция кубулушу токтобой тургандыктан, Россиядан кайткан кыргызстандыктардын арасында башка өлкөлөргө иштеп келүүгө кеткендер да кездешет.
“Биздин министрликтин жарандарды чет өлкөлөргө жумушка орноштуруу боюнча борбор бар. Ал борбор төрт жеке агенттиктер менен иштешет. Жыйынтыгында, өткөн жылы 20 миңге жакын адам чет өлкөлөргө кетишти. Бүгүнкү күндө 29 мамлекетке кетип жатышат. Эң суроо-талап көп каттам – Англия. Ал жакка негизинен мезгилдик иштерге барышат. Кабыл алуучу тараптын талабы – жумуш күчү кайсы бир мөөнөттө иштеп, андан соң мекенине кайтып кетиши керек. Англия бүт чет өлкөлүк жарандарга 40 миң квота берген, анын он миңин биз пайдаланып жатабыз”, – деди ал.
Айтымында, быйылкы жылдын эсебинен Англиядагы мезгилдик иштерге 2,5 миң кыргызстандык жөнөт кетти. Экинчи этабында 3 миң жарандын кетиши күтүлүүдө.

2025-05-13














