Эмгек министри Равшанбек Сабиров: ЮНИСЕФ менен болгон жаңы кызматташуу планы бир да баланы көңүл сыртында калтырбайт

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) 2025-жылга карата Биргелешкен жумушчу планын расмий түрдө кол коюшту. Бул тууралуу министр Равшанбек Сабиров документке кол коюу учурунда билдирди.
” Бүгүнкү иш – чара биздин өлкөдөгү балдардын, үй-бүлөлөрдүн жана аялуу топтордун жыргалчылыгы үчүн иштегендер үчүн маанилүү жана символикалуу. Бул план жөн гана ак кагаз эмес. Бул биздин жалпы жоопкерчилигибиздин, туруктуу өнүгүүгө умтулуубуздун натыйжасы жана бир дагы баланы, бир дагы үй-бүлөнү кароосуз калтырбоо үчүн күчтүү саясий эрктин көрүнүшү. Бул өзгөчө турмуштук оор кырдаалда алсыз болуп калгандарга кам көрүүгө тиешелүү”, — деди Сабиров.
Анын айтымында, бул план балдардын укугун коргоо жана социалдык колдоо жаатындагы улуттук приоритеттер менен Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерин эске алуу менен иштелип чыккан. Министрликтин саясаты үч негизги максатка багытталган:
“Биринчи жана эң негизгиси, биз балдар үчүн коопсуздук, камкордук жана сүйүү менен өсө турган чөйрөнү түзүшүбүз керек. Бул кыйын болгон жерде мамлекет балдар үчүн инклюзивдик шарттарга кепилдик бериши керек. Бул экинчиси. Үчүнчүсү – жооптуу мамлекеттик кызматтар балдардын суроолоруна аяр мамиле жасашы үчүн биз социалдык инфраструктураны өркүндөтүшүбүз керек.”
ЮНИСЕФтин өкүлү Самман Тапа Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн балдардын укуктарын коргоо маселелерине берилгендигин жогору баалады жана мындай деди: “Биз балдарды социалдык коргоо маселесинде социалдык кызматкерлердин ролун белгилеген иш-чараны колдоого даярбыз”.
Р.Сабиров ЮНИСЕФке көрсөткөн эксперттик жана техникалык колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
Пайдалуу
Ссылкалар