«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2025 – жылдын апрель айынын иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2025 – жылдын 1апрелинен 1 – майына чейин 6027 телефондон кайрылуу (бир суткада 200 чалуу) түшкөн.

254 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын 99 же 39,0 % жаш балдар, ал эми 155 же 61,0% чоң кишилер), анын ичинен 198 кайрылууга телефон аркылуу консультация менен сунуштар берилип, 35 абонентке психологиялык консультация берилген, 21 кайрылуу маанисине жараша компетенциясына ылайык мамлекеттик органдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө, жана башка мекемелерге чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

254 чалуунун ичинен: эркектерден – 53 (20,9%), аялдардан – 102 (40,2%), эркек балдардан – 24 (9,4%), кыздардан – 75 (29,5%).

Кайрылуулардын түрү жана мааниси төмөнкүдөй:

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм туруму, балдар менен ата-энелердин өз ара мамилеси жөнүндө – 52 (балдар 43);

– социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө 47 (балдар 4);

– психологиялык жабырлануу менен – 34 (балдар 29);

– билим берүү системасы жөнүндө – 24 (балдар 6);

– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү жөнүндө – 20 (балдар 1);

– БҮИТ борборунун иши жөнүндө – 16 (балдар 4);

– үй – бүлөлүк мамилелер жана жаңжалдар жөнүндө – 12 (балдар 0);

– балдарга карата ырайымсыз мамиле жасоо жана зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 11 (балдар 5);

– медициналык камсыздоо жөнүндө – 11 (балдар 1);

– үй – бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 10 (балдар 1);

– башка маселелер боюнча – 6 (балдар 3);

– балдарга карата кайдыгер мамиле жөнүндө – 5 (балдар 0);

– мектептеги рэкет жөнүндө – 3 (балдар 3);

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБОнын жана башка уюмдардын ишине же кызматкерлерине даттануу менен – 3 (балдар 0).

5773 ар кандай мүнөздөгү чалуулар болгон: интернетке кошуу жана мобилдик операторлор тарабынан бирдиктерди жүктөө жөнүндө, телефондук тентектик (шоктук), тез жардам, милиция жана башка кызматтар тууралуу сурашкан, жаңылып чалгандар.

Абоненттердин жөнөтүлгөн кайрылуулары боюнча жер – жерлерде иш алып барылат, аларды кароонун натыйжалары жөнүндө Борбор мамлекеттик органдардын жана мекемелердин тиешелүү аймактык бөлүмдөрү менен өз ара биргеликте иштешип, балдарга, үй – бүлөлөргө, жарандарга берилген жардам, же консультация жөнүндө жазуу же оозеки түрүндө маалыматты, жоопту алып турат.

 Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүдөй:

– Бишкек шаарынан – 37 (14,5%);

– Чүй облусунан – 19 (7,5%);

– Ош облусунан – 19 (7,5%);

– Ысык – Көл облусунан – 14 (5,5%);

– Жалал – Абад облусунан – 13 (5,1%);

– Ош шаарынан – 12 (4,7%);

– Нарын облусунан – 6 (2,4%);

– Баткен облусунан – 4 (1,6%);

– Талас облусунан – 3 (1,2%);

– жашырун чалуулар (анонимдерден) – 127 (50,0 %).

Пайдалуу
Ссылкалар