Эмгек министрлиги БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын пилоттук долбоорлорун кеңейтүүнү АӨБге сунуштады

2025-жылдын 15-майында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде министр Равшанбек Сабировдун БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (ДАПТ) Кыргызстандагы жетекчиси Кожиро Накай, Азия Өнүктүрүү Банкынын (АӨБ) Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Чжэн Ву жана АӨБдин адамдык жана социалдык өнүгүү секторунун кеңсесинин директору София Шакил (видеоконференция аркылуу катышкан) менен жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө БУУ ДАПтын өлкөлүк стратегиялык планына орто мөөнөттүү сереп салуунун негизинде кызматташтыктын алкагында мындан аркы өнүктүрүүнүн негизги багыттары талкууланды. Бардык аспекттер социалдык коргоонун жана азык-түлүк коопсуздугунун интеграциясын күчөтүү маселелери каралды.
Равшанбек Сабиров белгилегендей, Өлкөлүк планды ишке ашыруу башталгандан бери (2022-жылдан баштап) бир катар маанилүү натыйжаларга жетишилди. Ошентип, 32 миңден ашык аз камсыз болгон үй-бүлөлөр азык-түлүк жана акчалай колдоо менен камтылган. “Эмгек ордуна азык-түлүк” долбоорунан жана “Социалдык контракт” программасынан кыйла оң натыйжалар алынды. Министр Социалдык контракттын катышуучуларынын арасында учурда өз долбоорлорун ийгиликтүү өнүктүргөн төрт “миллионер” катталганын белгиледи.
«Министрлик активдүү жумуш менен камсыз кылуу механизмдерин шайкеш келтирүүнүн пилоттук долбооруна жана анын кеңейтүү мүмкүнчүлүгүнө артыкчылыктуу маанини берүүдө. Ошондой эле колдоо программалары алкагында акчалай төлөмдөрдү жөнөкөйлөтүү, өзгөчө алыскы аймактарда, жана “Социалдык паспорт” модулун ишке ашырууну биргелешип көзөмөлдөө чараларын маанилүү деп эсептейбиз», – деди Эмгек министри.
Министр Р.А. Сабиров өз сөзүндө санариптештирүү, финансылык сабаттуулук жана кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүү багыттарына өзгөчө көңүл бурду.
Азия өнүктүрүү банкы тарабынан БУУ ДАТПнын долбоорлорун имплементациялоонун ийгиликтүү тажрыйбасын колдонуу менен кызматташуу үчүн компоненттерди биргелешип аныктоо сунушталды.
Жыйынтыктап жатып, Равшанбек Сабиров бул диалог Кыргыз Республикасынын калкын социалдык жактан коргоо чараларынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана өнөктөштүктү мындан ары чыңдоо үчүн баштапкы чекит болуп кызмат кыларына ишенимин билдирди. Ал өз ара кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын кеңири талкуулоо жана демилгелерди ишке ашыруунун кийинки кадамдарын даярдоо үчүн биргелешкен жумушчу топ түзүүнү сунуштады.

Пайдалуу
Ссылкалар