Эмгек министрлиги майыптуулугу бар жарандарды колдоо жаатында кандай иштерди жасады?
Республикада 218 миңден ашык майыптыгы бар адамдар жашайт, алардын ичинен 37 миңден ашууну майыптыгы бар балдар.
2019-жылдан тартып Кыргыз Республикасы БУУнун Майыптардын укуктары жөнүндө Конвенциясынын катышуучусу болуп саналат жана майыптык маселеси Министрликте актуалдуу жана артыкчылыктуу багыттардын бири бойдон калууда.
Негизги чаралар жана демилгелер:
Мамлекеттик деңгээлдеги системалуу иш
* Министрлер Кабинетинин алдында майыптыгы бар адамдар боюнча Кеңеш иштейт, анын курамына майыптыгы бар адамдар жана жарандык сектордун өкүлдөрү кирет.
* Билим берүү, медицина, транспорт, ишке орноштуруу, маданият, спорт жана башка тармактарга бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга багытталган 2023-2030-жылдарга “Жеткиликтүү өлкө” мамлекеттик программасы кабыл алынып, ишке ашырылууда.
Медициналык-социалдык экспертизаны (МСЭК)реформалоо
2025-жылдын 8-апрелинде №185 “Кыргыз Республикасындагы медициналык-социалдык экспертиза жөнүндө” токтому кабыл алынган.
* Жаңы санариптик ыкмалар ишке киргизилди:
– экспертизадан өтүү тартиби жөнөкөйлөштүрүлдү;
– реабилитациялоонун/абилитациялоонун жекече программасынын (ӨСИ)электрондук форматы ишке ашырылууда;
ведомстволор аралык маалыматтарды “Түндүк” системасы аркылуу алмашуу камсыз кылынды.
* Эркиндигинен ажыратуу жайларында жүргөн соттолгондор үчүн экспертизадан өтүү тартиби киргизилди.
Укуктарды кеңейтүү жана жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү
* 18 жашка чейинки ятрогендик (медициналык) жол менен жуккан ВИЧ-позитивдүү балдар үчүн жеңилдик киргизилди:
майыптуулук тобу бала кезинен тартып кайра күбөлөндүрүү зарылдыгы жок экендиги белгиленет,
майыптуулук тобу да мөөнөтсүз болот.
* Майыптыкты таануунун шарттары жөнөкөйлөштүрүлдү жана мөөнөтү узартылды:
Даун синдромуна,
аутизмге каршы,) көрүү жана угуунун начарлашы, хромосомалык аномалиялар.
Эл аралык стандарттарга ылайык “ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам” дегендин ордуна “майыптыгы бар адам” терминин колдонуу мыйзам менен бекитилген.
Чыр-чатактардан жабыркагандарды колдоо
* 2021-жылдын апрелинде жана 2022-жылдын сентябрында Баткендеги куралдуу кагылышууларда жабыр тарткан жарандар үчүн майыптыкты белгилөө үчүн негиздердин тизмеси кеңейтилди.
100 күндүк пландын алкагында МСЭКти модернизациялоо
Министрлер Кабинетинин тапшырмасы боюнча МСЭКти масштабдуу модернизациялоо башталды, ал үч багыт боюнча ишке ашырылууда:
- Ведомстволор ортосунда маалымат алмашууну автоматташтыруу;
- Актуалдуу маалыматтар менен майыптыктын электрондук реестрин түзүү;
- Жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү, ошол эле документтерди кайталап берүүдөн баш тартуу, мамлекеттик органдарга жеке визиттин зарылдыгын минималдаштыруу.
Иш Эмгек министрлигинин 2025-жылдын 19-мартындагы №53 буйругу менен бекитилген 100 күндүк планга ылайык ведомстволор аралык жумушчу топ тарабынан жүргүзүлүүдө.














