Эмгек министри Равшанбек Сабиров үй-бүлө институтун бекемдөө милдеттеринин глобалдуу мүнөзүн белгиледи
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров “Ааламдашуу шартында үй-бүлөнү коргоо жана чыңдоо” темасында эл аралык форумга катышты. Форум Түркияда үй-бүлө жылынын алкагында өтүп, үй-бүлө институтунун актуалдуу чакырыктары жана колдоо жолдорун талкуулаган министрлерди, эксперттерди жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн бириктирди.
Равшанбек Сабиров өз сөзүндө “Үй-бүлө туруктуу коомдун негизи болгон жана болуп кала берет. Ал баалуулуктарды калыптандырат, муундардын улануусун, балдардын социалдашуусун камсыздайт, турмуштун оор мезгилдеринде негизги колдоо көрсөтөт” деп баса белгиледи.
Бирок, министрдин айтымында, үй-бүлө институту төрөттүн төмөндөшүнө, ажырашуулардын санынын көбөйүшүнө, үй-бүлөлүк байланыштардын солгундашына, санариптик чөйрөнүн таасири жана индивидуалдык баалуулуктардын жайылышына алып келген олуттуу көйгөйлөргө туш болууда.
“Бүгүнкү күндө үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоо жана бекемдөө болуп көрбөгөндөй маанилүү. Кыргызстан үй-бүлө институтун мамлекеттик социалдык саясаттын приоритеттүү багыты катары карайт. Биз келечек муундарды коргоо үчүн эл аралык коомчулук менен биргелешкен аракеттерди көрүүгө даярбыз”, – деди министр.
Форумда демографиялык тобокелдиктер, үй-бүлөнүн салттуу моделдерин трансформациялоо, социалдык коргоо, иш менен камсыз кылуу, билим берүү тармагында комплекстүү саясат жүргүзүүнүн зарылдыгы талкууланды. Катышуучулар үй-бүлөлүк баалуулуктарга массалык маалымат каражаттарынын, урбанизациянын жана идеологиялык тенденциялардын таасирин да карашты.
Форумдун алкагында үй-бүлө маселелери боюнча жооптуу министрлердин жыйыны өтүп, анда улуттук тажрыйбалар жана биргелешкен демилгелерди өнүктүрүүнүн жолдору талкууланды. Анын жыйынтыгы боюнча биргелешкен декларацияны кабыл алуу пландаштырылууда, ал резолюциянын долбоору катары эл аралык уюмдарда, анын ичинде БУУда да сунушталышы мүмкүн.
Ошондой эле министр Кыргыз Республикасы тарабынан бул багытта көрүлүп жаткан маанилүү кадамдарды белгиледи. “Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаров элдик курултайда үй-бүлө институтун бекемдөө демилгесин көтөрдү. Мындан тышкары, 2021-жылдын 29-январында ал салттуу баалуулуктарга негизделген бийик адеп-ахлактуу муундун калыптанышын ар тараптан колдоого багытталган “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыкка кол койгон.”
Эл аралык кызматташтыктын контекстинде министр эскерткендей, 2024-жылдын ноябрында Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосунда миграция чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлган. Документ коопсуз жана социалдык миграция механизмдерин бекемдөөгө, эмгек мигранттарынын укуктарын коргоого, ошондой эле социалдык интеграция жана мигранттардын үй-бүлөлөрүн гуманитардык колдоо маселелеринде өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө багытталган. Бул аспект боюнча министр төмөнкүлөрдү белгиледи:
“Мындан тышкары, бүгүнкү күндө үй-бүлөлүк байланыштарды жана баалуулуктарды бузган миграция, ошондой эле ажырашуулардын жана үй-бүлөдөгү зомбулуктун жогорку деңгээли сыяктуу чакырыктар актуалдуу бойдон калууда. Мунун баары гуманизм жана системалуулук балансына негизделген конкреттүү иш-аракеттерди талап кылат.
Эл аралык кызматташуусуз үй-бүлөлөрдү натыйжалуу колдоо мүмкүн эместигин баарыбыз жакшы билебиз. Биз ишке орношуу үчүн шарттарды гана түзбөстөн, иштеп жаткан ата-энелердин өз үй-бүлөлөрү менен бирге болуусуна кепилдик берип, балдардын билимге, медицинага жана башка турмуштук зарыл кызматтарга жана башка мүмкүнчүлүктөргө жетүүсүн камсыз кылышыбыз керек.”
Министр Р.А. Сабиров өз сөзүн коомдун пайдубалы катары үй-бүлөлөрдүн бакубаттуулугу үчүн эл аралык диалогду кеңейтүүгө жана мыкты тажрыйбаларды алмашууга чакыруу менен аяктады.




2025-05-22














