Равшанбек Сабиров Азербайжан мамлекеттик комитетинин башчысы менен биргелешкен демилгелерди талкуулады

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров Стамбулдагы “Ааламдашуу шартында үй-бүлөнү коргоо жана бекемдөө” темасындагы эл аралык форумдун алкагында Азербайжан Республикасынын үй-бүлө, аялдар жана балдар көйгөйлөрү боюнча мамлекеттик комитетинин төрайымы Бахар Мурадова менен жолугушту.
Тараптар социалдык коргоо, үй-бүлө институтун колдоо, ошондой эле аялдардын жана балдардын абалын жакшыртууга багытталган программаларды ишке ашыруу боюнча тажрыйба алмашуу жаатындагы кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты. Социалдык саясатты глобализациянын жана миграциянын чакырыктарына ылайыкташтыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Жолугушууда Кыргызстан менен Азербайжан үй-бүлөнүн коомдогу ролу боюнча окшош баалуулуктарга ээ экендиги жана биргелешкен долбоорлор, эксперттик алмашуу жана стратегиялык диалог аркылуу эки тараптуу кызматташууну тереңдетүүгө даяр экени баса белгиленди.
Пайдалуу
Ссылкалар