Эмгек министри Сабиров Кыргызстандын атынан калдыктарды жок кылуу боюнча глобалдык милдеттенмеге кол койду
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров Кыргыз Республикасынын атынан нөлдүк калдыктар боюнча глобалдык милдеттенме боюнча корутундуга кол коюуга катышты.
Бул чечим туруктуулукка, экологиялык жоопкерчиликке жана айлана-чөйрөгө кам көрүүгө карай маанилүү кадам болду.
Бул КР үчүн эмне үчүн маанилүү:
* БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарын колдоо (айрыкча ТӨМ 12 жана № 13)
* Шаарларда жана айылдарда экологиялык абалды жакшыртуу
* Калдыктарды кайра иштетүүгө инвестицияларды жана технологияларды тартуу
* Түркиянын биринчи айымынын колдоосу астында глобалдык демилгелерге катышуу мүмкүнчүлүгү
* Коомдо экологиялык жашоо образын жайылтуу
“Декларацияга кол коюу жаңы горизонтторду ачат: эл аралык кызматташтык, тажрыйба алмашуу жана дүйнөлүк экологиялык долбоорлорго катышуу – юридикалык милдеттенмесиз, бирок чоң мүмкүнчүлүктөр менен”, – деп билдиришти Эмгек министрлигинен

2025-05-24














