Эмгек министрлигине караштуу Социалдык коргоо департаментинин жаңы директору дайындалды
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова министрликке караштуу Социалдык коргоо департаментинин жамаатына жаңы директорду — Дина Турманбековна Анарбаеваны тааныштырды.
Буга чейин Дина Турманбековна Бишкек шаардык иш менен камсыздоого көмөктөшүү башкармалыгынын директору болуп иштеген.
Министрлик анын тажрыйбасы жана кесипкөйлүгү өлкөдөгү социалдык коргоо системасын мындан ары өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт деп ишенет.




2025-05-27














