Кыргызстан жана Япония уюшулган ишке орноштуруу жана социалдык демилгелер чөйрөсүндө кызматташтыкты кеңейтүүдө

Бүгүн, 2025-жылдын 27-майында, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров Япониянын IM Japan президенти Канамори Хитоши баштаган жапон делегациясы менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда Кыргыз Республикасынын жарандарынын Жапонияда уюшкан түрдө ишке орношуу маселеси боюнча кызматташууну кеңейтүү болду.
Жолугушуу учурунда кыргыз тарап Япониянын эмгек рыногунун талаптарына ылайык квалификациялуу кадрларды даярдоого даяр экенин билдирди. Айрыкча, Японияда талап кылынган IT адис, тейлөө, социалдык кызматтар жана жумушчу адистиктер, анын ичинде ширетүүчүлөр багытында даярдоого өзгөчө көңүл бурулууда.
Тараптар болочоктогу эмгек мигранттарды кесиптик жана тилдик жактан комплекстүү даярдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.
«Биз жарандарыбыздын чет өлкөдөгү эмгек укуктарын коргоого чоң маани беребиз. Кыргыз адистери жумуш менен гана чектелбестен, камсыздандыруу системасына, укуктук колдоого жана мамлекеттик түзүмдөр менен туруктуу байланыш каналдарына да ээ болушу абзел,» — деп белгиледи Министр Р.А. Сабиров.
Бул кызматташуу эмгек миграциясынын ачык-айкын жана натыйжалуу системасын түзүүгө багытталган. Ал эки өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошуп, кыргызстандыктарга кесиптик жактан өсүү жана жашоо сапатын жогорулатуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Тараптар биргелешкен демилгелер өз ара пайдалуу өнөктөштүктүн бекем негизи болоруна ишенимин билдиришти.
Пайдалуу
Ссылкалар