Эмгек министри Р.Сабиров Эл аралык миграция уюмунун башкы директору менен жолугушууда миграция саясатынын артыкчылыктуу багыттарын айтты

 

Бишкекте Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабировдун Эл аралык миграция уюмунун башкы директору Эми Поуп менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө көп жылдык кызматташтыктын жыйынтыктары, негизги жетишкендиктер жана келечекке пландар талкууланды.

Министр маектешүүнүн жүрүшүндө негизги миграциялык багыттар жөнүндө айтып берди, алар боюнча биргелешкен практикалык иш-аракеттерди жүргүзүү сунушталууда.

Бул цивилизациялуу жана коопсуз ишке орноштуруу системасын түзүү, кайтып келген мигранттарды реинтеграциялоо жана адаптациялоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруу, ишке орношуу географиясын кеңейтүү, потенциалдуу мигранттар үчүн сапаттуу кетүүгө жана миграцияга чейинки окутууларды өткөрүү, калктын миграция чөйрөсүндө маалымдуулугун жогорулатуу боюнча иштерди камтыйт.

Министр Сабиров өнөктөштүктүн маанилүүлүгүн баса белгиледи: “Кыргызстан биздин миграциялык системаны өнүктүрүүдө ЭМУнун ролун жогору баалайт. 2000-жылдан бери уюмдун колдоосу менен 100дөн ашык долбоорлор ишке ашырылып, бул биздин миңдеген жарандарыбызга жардам берди. Биз эмгек мигранттарынын укуктарын коргоого жана санариптик технологияларды киргизүүгө өзгөчө көңүл бурабыз”.

Кесиптик даярдоо жана кайра даярдоо боюнча кошумча программаларды, кайтып келген мигранттар үчүн чакан бизнести колдоо программаларын иштеп чыгуу, укуктук жана социалдык маселелер боюнча консультациялык борборлорду ачуу, мигранттардын балдары үчүн билим берүү жана интеграциялоо программаларын иштеп чыгуу зарылдыгы белгиленди.

Ал ошондой эле жакынкы келечектеги приоритеттерди белгиледи: “Биздин алдыбызда реинтеграция программаларын кеңейтүү, мигрант аялдарды колдоо, процесстерди санариптештирүү жана кабыл алуучу өлкөлөр менен диалогду күчөтүү маанилүү милдеттер турат. Биз мындан аркы каржылык жана эксперттик колдоону ЭМУнун, өзгөчө Бишкектеги Миграцияга чейинки багыттоо жана реинтеграция борборунун долбоорун ишке ашырууда күтөбүз”.

ЭМУнун башкы директору Эми Поп кызматташууну улантууга жана миграциялык көйгөйлөрдү чечүүдө Кыргызстанды колдоого даяр экенин билдирди.

 

 

 

 

Пайдалуу
Ссылкалар