Равшанбек Сабиров: «Балдар биздин жаркын-келечегибиз, сүйүнүчүбүз жана эң баалуу байлыгыбызсыңар»!

Кыргыз Республикасынын Эмгек,социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров 1-июнь – балдарды коргоо күнүнө карата майрамдык салтанатка катышты.
Министрлик тарабынан Балдардын – Эл аралык коргоо күнүнө карата, мамлекеттин социалдык аярлуу катмарындагы коргоого алынган балдардын маанайын көтөрүү максатында майрамдык иш-чараны уюштурулду.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын “Манас” кинотеатрында өткөрүлүп, 400дөн бала катышты.
Иш-чарага өнүктүрүү боюнча өнөктөш, КРдагы Good Neighbors эл аралык уюмунун филиалынын директору дагы Чо Сунхен катышты.
Сөз башында, Министр балдардын эл аралык күнү менен куттуктап: “Ар бир-бала -бул дуйнөнүн жарыгы, үмүтү жана келечеги. Силер – биздин сүйүнүчүбүз жана эң баалуу байлыгыбызсыңар! Биз силердин бактылуу, коопсуз жана ар тараптуу өнүккөн жашооңор үчүн бардык шарттарды түзүүгө аракет кылып келе жатабыз” деп белгилеп, балдарга бекем ден соолук, дайыма кубаныч жана тынчтык”- каалады.
Балдар үчүн өзгөчө кубанычтуу учур болуп бардык көрүүчүлөргө шаңдуу эмоцияларды жана унутулгус таасирлерди тартуулаган кызыктуу мультфильмдин көрсөтүлүшү болду.
Иш-чаранын аягында бардык балдарга балмуздак жана белектер берилди. Министрлик майрамды өткөрүүгө көмөк көрсөткөн уюмдарга — «Манас» кинотеатрына, Good Neighbors, «Үмүт и Ко» ЖЧКсына жана «Снэк Фудс» ЖЧКсына ыраазычылык билдирет.
Пайдалуу
Ссылкалар