Эмгек министрлиги эскертет: Чет элдик жарандарды легалдаштыруу – ортомчуларсыз
КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги легалдаштыруу процессинде ортомчулук кызматтардын кереги жок жана алдамчылыкка алып келерин эскертет. Бардык процедуралар онлайн жана түз расмий порталдар аркылуу жеткиликтүү.
2025-жылдын 10-июнуна чейин миграциялык эрежелерди бузгандар – мөөнөтү өтүп кеткен виза менен, документи жок же кирүү максатын бузгандар үчүн административдик айып пул салынбай туруп мыйзамдаштырса болот. Мыйзамдаштыруу үчүн сизде жарактуу паспорт болушу керек жана расмий порталдар аркылуу кайрылыңыз:
• Виза алуу – www.evisa.e-gov.kg,
• Туруктуу жашоого уруксат алуу – Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги аркылуу,
• Каттоо – ereg.e-gov.kg порталы аркылуу,
• Ички иштер министрлиги аркылуу текшерүү – каалаган бөлүмдө.
Эмгек министрлиги тобокелдиктерди жана көйгөйлөрдү болтурбоо үчүн каттоону кечиктирбөөнү жана расмий каналдарды гана колдонууну катуу сунуштайт.
Министрлик ошондой эле 2025-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанда жүрүүгө жана иштөөгө уруксаттарды каттоо Тышкы иштер министрлигинин «Бирдиктүү терезе» порталы Evisa.e-gov.kg аркылуу гана жүргүзүлөрүн эскертет
2025-06-02














