Эмгек министрлиги: 2025-жылдын 4 айында 44 миң 666 бала «Балага сүйүнчү» бир жолку төлөмүн алган, жалпы суммасы 178,9 миллион сомду түзгөн.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын төрт айында 44 миң 666 балага жалпы суммасы 178 миллион 940 миң сомду түзгөн “Балага сүйүнчү” бир жолку төлөмү берилген.
Салыштыруу үчүн, өткөн жылдын ушул мезгилинде 48 534 бала 194 963 000 сом суммасында төлөм алган.
Ведомстводон билдиришкендей, ар бир бала төрөлгөндө бир жолку төлөм 4 000 сомду түзөт.
Үч жана андан көп бала бир убакта төрөлгөн учурда “балага сүйүнчү” ар бир балага 50 000 сомдон төлөнөт.
Бир жолку төлөмдү тариздөө үчүн калкты тейлөө борборлоруна же жарандык абалдын актыларын каттоо органдарына кайрылуу керек. Бир жолку сумма үчүн арыз бала төрөлгөн күндөн тартып алты айдын ичинде берилиши керек.
Каражаттар арыз берилгенден кийин 2 иш күндүн ичинде банктык эсепке салынат.
Акча каражаттарын РСК жана Айыл Банктын каалаган филиалынын кассасы аркылуу кайрылган күндөн тартып алты айдан кечиктирбестен алууга.
Арызды толтурууда мобилдик телефондун туура номерин көрсөтүүнү унутпоо зарыл, анткени акча которулгандан кийин банк аркылуу байланыш номерлерине СМС-билдирүү жөнөтүлөт.
2025-06-02














