Эмгек министрлиги жана БУУ ДАП Кыргызстандын калкынын аялуу катмарына колдоо көрсөтүүнү кеңейтет

 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги калкты, өзгөчө аярлуу категорияларды колдоого багытталган программалардын аткарылышы жөнүндө айтып берди.

Алсак, БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы (ДАП) менен бирдикте  “жумушка (окутууга) накталай акча” схемасы боюнча аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө тез жардам көрсөтүүгө багытталган 63 долбоор ийгиликтүү ишке ашырылган. Бул демилгелерге 896 аз камсыз болгон үй-бүлө же 4,7 миңден ашык адам катышкан). Долбоорлордун алкагында жарандардын социалдык-экономикалык абалын колдоо үчүн 11,9 миллион сомдон ашык акча каражаты бөлүнгөн.

Бул программа 2023-2027-жылдарга стратегиялык планды ишке ашырууга багытталган жана калктын социалдык аялуу катмарын колдоону, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууну, климаттын өзгөрүшүнө мамлекеттик органдардын потенциалын жогорулатууну караган, Министрлер Кабинетинин, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жана БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын ортосундагы жаңыланган өз ара түшүнүшүү меморандумунун алкагында ишке ашырылууда.

Пайдалуу
Ссылкалар