Кыргызстан миграция саясатын өркүндөтүү максатында ICMPD менен кызматташууну чыңдоодо — министр Сабиров
2025-жылдын 11-июнунда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча региондук директору, Миграциялык саясатты өнүктүрүү боюнча эл аралык борбордун (ICMPD) өкүлү Радим Жак жана БОМКА региондук координатору Марис Доминьш менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууну ачып жатып, министр ICMPD менен өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи: “Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, миграциялык саясат, коопсуз миграция жана потенциалды жогорулатуу жаатында министрликке колдоо көрсөтүүгө багытталган ICMPD долбоорлору үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Кыргызстан Будапешт жана Прага процесстери сыяктуу эл аралык демилгелерге, ошондой эле BOMКA программасына активдүү катышууда”, – деп баса белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө ICMPD тарабынан ишке ашырылып жаткан Евробиримдиктин “Жибек Жолe жана Борбордук Азия өлкөлөрүндө миграциялык башкарууну жана мигранттарды коргоону жакшыртуу” долбоорун ийгиликтүү ишке ашыруу талкууланды. Министр ошондой эле 2023-жылы ICMPD менен министрликтин ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлганын, бул тыгыз кызматташуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачканын белгиледи.
Ош шаарында 2024-жылдын 5-мартында ачылган Мигранттар үчүн ресурстук борбордун ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду:
“Борбор коопсуз миграция, мыйзамсыз миграциянын алдын алуу жана реинтеграцияга көмөктөшүү маселелери боюнча жардам көрсөтөт. 2024-2025-жылдары 51 иш-чара өткөрүлүп, ага дээрлик 20 миң жаран катышкан”, – деп билдирди Сабиров.
Министрлик чет өлкөлөрдө жарандарды ишке орноштуруу борборунун базасында Бишкекте экинчи Ресурстук борборду ачуу тууралуу ICMPD демилгесин колдоорун билдирди. Ошондой эле этикалык жалдоону илгерилетүү жана эмгек мигранттарын мыйзамсыз жалдоо жана адамдарды сатуу тобокелдиктеринен коргоо боюнча биргелешкен иш талкууланды.
Министр мындан аркы өз ара аракеттенүүгө даярдыгын билдирди жана министрлик уюмдун Кыргызстандагы макамына тиешелүү КР Министрлер кабинети менен ICMPD ортосундагы келишимдин долбоорун макулдашуу боюнча жигердүү иштеп жатканын ырастады:
“Биз узак мөөнөттүү кызматташтык үчүн укуктук негизди камсыз кылуу үчүн бул Макулдашууну министрликтер жана ведомстволор менен макулдашуу боюнча ишти улантабыз”, — деп жыйынтыктады министр.


















