Эмгек министри БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын координатору менен Чым-Коргон айылында “Эмгек үчүн азык-түлүк” долбооруна мониторинг жүргүзүштү
КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы өкүлү Кожиро Накай менен бирге мониторингдин алкагында Кемин районундагы Чым-Коргон айылында болуп, жүзүмдөрдүн көчөттөрүн отургузуу долбоору менен таанышып, ошондой эле жергиликтүү тургундарга азык-түлүк пакеттерин таркатышты.
Жардам Министрлер Кабинети менен БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы (2023–2027) ортосундагы «Эмгек үчүн азык-түлүк» долбоору боюнча беш жылдык меморандумдун алкагында берилди. Айылда аз камсыз болгон жана муктаж болгон 79 долбоордун катышуучуларынын ар бирине 300 кг ун жана 30 литр өсүмдүк майы тапшырылды.
Министр өз сөзүндө тургундардын активдүү катышуусу менен 25 гектар жерге 50 миң түп жүзүмдүн көчөттөрү отургузулганын белгиледи. Бул иштер азык-түлүк жагынан гана жардам бербестен, убактылуу жумуш орундарын түзүүгө, инфраструктураны жакшыртууга жана аймактын экономикалык потенциалын чыңдоого багытталган долбоордун алкагында жүргүзүлдү.
Алдыда 2028-жылга чейин дагы 13 гектар жерге мөмө-жемиш багын тигүү пландалууда. Жүзүмдөрдү кароону уюштуруу жана продукцияларды сатуу келечекте жергиликтүү бюджетке кошумча киреше алып келет.
«Бул ыкма бизге бир эле учурда бир нече көйгөйлөрдү чечүүгө мүмкүндүк берет – калктын аялуу катмарын колдоо, жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү жана айыл жамааттарынын туруктуулугу», – деп баса белгиледи Равшанбек Сабиров.
Кожиро Накай Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы азык-түлүк коопсуздугун жана айыл аймактарын өнүктүрүүнү бекемдөөгө багытталган биргелешкен демилгелерди мындан ары да колдоого даяр экенин ырастады.





2025-06-19














