Эмгек министри Равшанбек Сабиров Кеминде Социалдык контракт долбоорунун катышуучусуна барды

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров «Социалдык контракт» долбоорунун катышуучусу, мамлекеттик колдоодон кийин Кемин шаарында үй-бүлөлүк бизнести ийгиликтүү өнүктүрүп жаткан Айгерим Сейитованын абалы менен таанышты.
Бишкек шаарынын тургуну, беш баланын энеси Айгерим Сейитова буга чейин Каракол шаарында жашап, төрт баласына жөлөк пул алып келген. Долбоорго катышканга чейин ал улуттук боз үйлөргө аксессуарларды жасоо менен киреше тапкан.
2023-жылы “Социалдык контракт” программасынын катышуучусу болуп, мамлекеттен 100 миң сом жардам алган. Бул каражатка үй-бүлө тигүүчү машиналарды жана боз үйгө тиешелүү буюмдарды жасоо үчүн материалдарды сатып алышкан.
2025-жылдын январында Сейитовдор Кеминге көчүп келип, кеңейтилген форматта бизнесин улантышкан. Эми бул процесске бүт үй-бүлө катышууда: улуу баласы боз үйдүн темир тетиктерин жасайт, дагы бир баласы тигүү менен алектенет, ал эми күйөөсү буйрутмаларды алып, кардарларга даяр продукцияларды жеткирип турат. Айгеримдин айтымында, бизнес туруктуу киреше алып келет – орто эсеп менен айына 100 миң сомдун тегерегинде. Жакында үй-бүлө жыгач менен иштөө үчүн станок сатып алууга мүмкүнчүлүк алды, бул өндүрүштү кеңейтүүгө жана продукциянын сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берди.
Министр Сабиров Айгерим Сейитованын окуясы жарандарга үй — бүлөнүн жыргалчылыгын жакшыртууга гана эмес, жергиликтүү экономиканын өнүгүшүнө да салым кошо аларына ачык мисал экенин белгиледи.
Пайдалуу
Ссылкалар