Социалдык контракт Нарын районунда жана шаарында 40 жаңы бизнеске старт берди
2025-жылдын 20-июнь күнү Нарын районунда жана шаарында «Социалдык контракт» мамлекеттик программасынын катышуучуларына сертификаттарды тапшыруу аземи болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров, КРнын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.К. Эргешов, Нарын шаарынын мэри К.М. Тутуев жана райондун акими Н.С. Мадимаров катышты.
Бул күнү райондун 40 тургуну жеке бизнесин ачуу жана өнүктүрүү үчүн ар бири 150 000 сомдук сертификаттарды алышты. Бул 2025-жылы колдоонун көлөмүн көбөйтүүнүн эсебинен мүмкүн болду, бул аймактарда туруктуу ишкердикти өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.
Министр өз сөзүндө мындай деп белгиледи:
“Үч жылдын ичинде 35 миң 226 социалдык контракт түзүлгөн, анын 94% айыл жеринен келген аялдар. Программанын алкагында дээрлик 43 миң жумушчу орун түзүлүп, өлкө боюнча 190 миңден ашык адамдын жашоосу жакшырууда. Социалдык контракт эң ийгиликтүү долбоорлордун бири болуп саналат, бул бирден экиге, экиден төрткө алууга мүмкүндүк берет”.
Министр Нарын районунда эле 566 бизнес-долбоор ишке ашырылса, анын 60%ы мал чарбачылыгына (305 долбоор), калганы өндүрүшкө (125), кызмат көрсөтүүгө (89) жана соодага (47) тиешелүү экенин баса белгиледи.
«2025-жылдан тарта социалдык жардамдын көлөмү 150 миң сомго чейин көтөрүлдү. Ар бир алынган сумма сиздерге 1,5 миллион киреше алып келип, бизнесиңиздин өнүгүшүнө гана эмес, аймактын экономикасынын өсүшүнө да салым кошушун каалайм”, — деп кошумчалады Сабиров.
2025-жылы программа өлкө боюнча 13 333 үй-бүлөнү колдоону пландаштырууда. Нарын районуна 187 квота бөлүнүп, бүгүнкү күндө 40 адам сертификат алышты», – деп кошумчалады Р.Сабиров.
Быйылкы программанын катышуучуларынын бири балчылык тармагында долбоорду ишке ашырып жатканын айтып, мамлекетке жеке бизнесин ачууга мүмкүнчүлүк түзүп бергенине ыраазычылыгын билдирди:
“Бул сиздин идеяңызды ишке ашырууга жана үй-бүлөңүздүн жашоосун жакшыртууга эң сонун мүмкүнчүлүк. Мен жарандарды колдоп жаткан өлкө жетекчилигине ыраазычылык билдирем”.
Коноктор катышуучуларга бизнесинин ийгиликтүү өнүгүшүн, туруктуу өсүүнү жана өнүгүүнү каалашты.





2025-06-23














