Кочкор районунда тамчылатып сугаруу үчүн бассейн курулууда: долбоор Эмгек министрлиги жана БУУ ДАПтын колдоосу менен ишке ашырылууда

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров жана БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (БУУ ДАТП) Кыргызстандагы өкүлү жана директору Кожиро Накай Кочкор районунун Исакеев айылында болуп, тамчылатып сугаруу системасы үчүн бассейн куруу долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүнө мониторинг жүргүзүштү.
Мониторинг БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен кыргыз бийлигинин айылдык коомчулуктарды колдоо боюнча биргелешкен долбоорунун алкагында өткөрүлдү. Тактап айтканда, бассейн «Чап» участкасында 2,5 гектар аянтты ээлеген бакчаны суу менен камсыз кылуу үчүн курулууда. 2023-жылы бул жерге төмөнкү өсүмдүктөр отургузулган:
* 300 алма дарагы, 250 түп өрүк, 120 түп карагат, 50 түп алча, 50 түп кара өрүк,
100 түп терек.
Аянт толугу менен тосулуп, көчөттөрдү атайын көзөмөлдөп, кам көргөн күзөтчү карайт. Өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгүн жана өсүмдүктөрдүн өсүшүн жакшыртуу үчүн аймакка тамчылатып сугаруу үчүн түтүктөр орнотулган. Эми узундугу 20 метр, туурасы 6 метр, тереңдиги 3 метр болгон суу алуучу бассейнди куруу пландалууда.
Курулуш иштерине социалдык аярлуу категориядагы тургундар тартылган. Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы колдоо иретинде аларга азык-түлүк пакеттерин берет: ар бир кишиге 300 кг ун (6 кап) жана 30 литр күн карама майы. Жалпысынан Ормонхан айыл өкмөтүнүн 588 кожолугу долбоордун бенефициарлары болуп саналат. Кочкор районунун борборунан участокко чейинки аралык болгону 4,9 км, бул 9 мүнөттөй жол.
Жеринде министрликтин жана БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлдөрү жер жана курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты: арматураларды монтаждоо, опалубаларды монтаждоо, бетон куюу, металл конструкцияларды ширетүү жана сырдоо, участоктун диагоналдарын эске алуу менен жерди тегиздөө.
Пайдалуу
Ссылкалар