Россияга кирүүнүн жаңы эрежелери: Визасыз-тиркеме аркылуу арыз менен гана
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги төмөнкүлөрдү маалымдайт, 2025-жылдын 30-июнунан 2026-жылдын 30-июнуна чейин Россия Федерациясында чет өлкөлүк жарандар үчүн жаңы кирүү эрежелерин камтыган эксперимент жүргүзүлөт.
Ага ылайык, Россияга барууну пландап жаткан бардык чет элдик жарандар алдын ала Жеке идентификация жана аутентификациялоо боюнча бирдиктүү системага катталып, өлкөгө кирерден мурда кечиктирбей 72 саат мурун “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын бирдиктүү порталы” «Госуслуги» мобилдик тиркемеси аркылуу чек арадан өтүү ниети тууралуу электрондук билдирүү жөнөтүүгө милдеттүү.
Бул процедура Россия Федерациясынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү порталы аркылуу жүргүзүлөт.
Бул мезгил ичинде ар бир кирген чет элдик жаран үчүн санариптик профиль түзүлөт. Мындай профильди RuID тиркемеси аркылуу өз алдынча түзүүгө мүмкүн болот. Бул тиркеме башка мамлекеттердин жарандары үчүн “Госуслуги” платформасынын аналогу болуп, Россияда жүргөндө түрдүү кызматтарды (мисалы, медициналык камсыздандыруу) колдонууга мүмкүнчүлүк берет. Санариптик профиль бир катар мамлекеттик системалар менен, анын ичинде “Госуслуги” порталы менен интеграцияланат. Анын жардамы менен Россияга келгенин билдирүүгө жана кызматтарды пайдаланууга болот.
Эксперимент Россия Федерациясына визасыз тартипте кирип-чыгып жаткан чет элдик жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды камтыйт. Бирок төмөнкү адамдар бул талаптардан бошотулат:
• дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчылары жана кызматкерлери, алардын үй-бүлө мүчөлөрү;
• эл аралык уюмдардын кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү;
• чет өлкөлүк консулдук мекемелердин башчылары жана кызматкерлери, алардын үй-бүлө мүчөлөрү;
• дипломаттык жана кызматтык паспорттун ээлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү;
• 6 жашка чыга элек чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар.
Россияга визасыз тартипте кирген чет элдик жарандар төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү:
• атайын мобилдик тиркемени жүктөп алып, андан каттоодон өтүү;
• жеке кабинетине өзүнүн сүрөтүн жана биометриялык жеке маалыматтарын жүктөө;
• Россияга кирүүдөн кечиктирбестен 72 саат мурун тиркеме аркылуу билдирүү (заявление) жөнөтүү.
Эгерде сапар шашылыш медициналык жардам, оор илдет же жакын тууганынын көз жумуусу менен байланыштуу болсо, билдирүүнү кирүүдөн кечиктирбестен 4 саат мурун жөнөтүүгө уруксат берилет. Жашы жете элек жана жөндөмсүз жарандар үчүн билдирүүнү алардын мыйзамдуу өкүлдөрү — ата-энелер, камкорчулар, асырап алуучулар бериши мүмкүн.
Тиркемедеги жеке кабинеттен билдирүү кабыл алынганбы же жокпу деген маалыматты көрүүгө болот. Билдирүү 90 күнгө жарактуу болот. Ал эми Россия Федерациясына кирүүгө уруксат берүү боюнча акыркы чечим мамлекеттик чек арадагы көзөмөл пунктунда кабыл алынат.

2025-06-26














