Министр Равшанбек Сабиров жарандарды жеке кабыл алды

Бүгүн, 27-июнда, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров жарандарды кабыл алуу жүргүздү.
Белгиленген графикке ылайык министрге төмөнкү маселелер боюнча жарандар кайрылышты:
🔹 жашы жете элек уулунун укуктарын коргоо маселеси;
🔹 майыптуулугу бар жарандарды ишке орноштуруу жана кесиптик окутуу;
🔹 майыптуулугу бар адамдар үчүн жеңилдиктер боюнча;
🔹 кош кызматка эмгек акынын төлөнбөй жатканы ж.б.
Ар бир кайрылуу каралып, бардык маселелер боюнча тиешелүү тапшырмалар берилип, мыйзам чегинде чечүү үчүн чаралар көрүлөт.
🤝 Министрлик жарандар менен ачык диалог жүргүзүү жана социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө көмөк көрсөтүү иштерин улантат.
Пайдалуу
Ссылкалар