Министр Равшанбек Сабиров: “Жаңы төрөлгөн балаңыздан баш тартууга шашылбаңыз”.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров, Жогорку Кеңештин вице-спикери Жылдыз Садырбаева жана ЖК депутаты Лейла Лурова үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган аялдар үчүн ачылган “Эне үйү” борборуна барышты.
Делегация борбордо убактылуу жашап жаткан балалуу аялдар менен баарлашып, жашоо шарттары менен таанышып, социалдык жетимдиктин алдын алуу боюнча маселелерди талкуулашты жана мындай демилгелерди өлкөдө кеңири өнүктүрүүнү колдой тургандыктарын билдиришти.
Министр Равшанбек Сабиров “Эне үйү” борборунун иш моделинин актуалдуулугун белгиледи:
«Бала багуу системасында бюрократияны азайтуу шартында мындай борборлордун иш ыкмасы өзгөчө мааниге ээ. Биз аялдарды үмүтсүз кырдаалга калтырбай турган шарттарды түзүшүбүз керек. Жаңы төрөлгөн наристесинен шашылыш баш тартууга болбойт. Адам аффект абалында ар нерсени айтышы мүмкүн, бирок эки-үч күндөн кийин: “Бул менин эле балам” – деп айтат».
Министрдин айтымында, бул моделди өлкө боюнча жайылтууга министрлик даяр, анткени үй-бүлө институтун сактоо — мамлекеттин өзгөчө көзөмөлүндө турган маанилүү багыт.
Жогорку Кеңештин вице-спикери Жылдыз Садырбаева «Эне үйү» долбоору кризистеги аялдарды ар тараптуу колдоону камсыздай турганын белгилеп өттү:
«Бул борбор баланы эмизүүдө жардам берип, баланын толук кандуу өнүгүшүнө шарт түзөт».
Депутат Лейла Лурова аялдарга убактылуу турак-жайдан сырткары, кесиптик билим алуу мүмкүнчүлүгү да берилиши керектигин белгиледи:
«Бул алардын кайра активдүү жашоого кайтып келишине шарт түзөт жана кайталап кризиске кабылуу коркунучун азайтат».
Учурда борбордо 5 аял убактылуу жашап жатат. Ар бири турак-жай, психологдук жана юридикалык жардам, ошондой эле социалдык көнүгүү багытында колдоо алууда.
Казакстандагы “Эне үйү” коомдук фондунун аткаруучу директору Ажаркуль Клышбаева казакстандык тажрыйба менен бөлүшүп, бул долбоордун натыйжасында 90%дан ашык аялдар балдарынан баш тартпай, үй-бүлөлөрүн сактап кала алышканын белгиледи.
Кыргызстандагы “Эне Үйү” долбоорунун регионалдык өкүлү Назгүл Турдубекова мындай борборлор — баланы биологиялык үй-бүлөдө калтыруунун жана аны интернаттык мекемелерге өткөрүп жибербөөнүн эффективдүү альтернативасы экенин кошумчалады.
Борбордун кызматкерлеринин айтымында, жашоочулардын бири баласы менен ийгиликтүү социалдашып, үй-бүлөсү менен кайрадан кошулуп кеткен.
Жолугушуунун жыйынтыгында бийлик өкүлдөрү борбордун жамаатына маанилүү социалдык миссиясы үчүн ыраазычылык билдиришип, Жогорку Кеңеш, тиешелүү министрликтер жана жарандык коом уюмдары менен үй-бүлө жана балдарды коргоого багытталган комплекстүү чараларды мындан ары биргелешип ишке ашырууга даяр экендиктерин айтышты.





2025-06-30














