Кыргыз Республикасында 2025–2027-жылдарга жаңы Башкы макулдашууга кол коюлду

 

2025-жылдын 1-июлунда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кесиптик кошуундардын федерациясы жана иш берүүчүлөрдүн бирикмелери ортосунда 2025–2027-жылдарга арналган жаңы Башкы макулдушууга кол коюлду. Бул документ жакынкы үч жылга карата социалдык-экономикалык саясаттын артыкчылыктуу багыттарын аныктап, туруктуу өнүгүүнүн куралы катары социалдык диалогдун негизги ролун баса белгилейт.

Башкы макулдашуу — мамлекеттин, бизнестин жана эмгекчилердин кызыкчылыктарын макулдашуу үчүн аянтча болуп саналат. Ал эмгек чыр-чатактарын нааразылык акциялары аркылуу эмес, сүйлөшүү жолу менен алдын алууга, ошондой эле бардык тараптардын пикирин эске алуу менен мыйзамдарды өркүндөтүүгө багытталган. Документ тараптардын жалпы милдеттенмелерин белгилеп, экономика, эмгек рыногу жана социалдык коргоо системасын өнүктүрүүгө багытталган конкреттүү чараларды камтыйт.

Макулдашуунун аткарылышын көзөмөлдөө Республикалык үч тараптуу комиссия тарабынан жүргүзүлөт.

Макулдашуунун негизги артыкчылыктары:

– “Жашыл” технологияларды колдоо, көмүскө иш менен камсыз болууну азайтуу, айыл чарба секторун модернизациялоо;

-жумуш орундарынын түзүлүшү, кадрларды кайра даярдоо, жаштардын жана социалдык жактан аялуу топтордун жумушка орношуусуна көмөктөшүү;

-коопсуздуктун заманбап стандарттарын киргизүү, иш жерлеринде зомбулукту жоюу боюнча программалары;

-аялдардын жана жаштардын укуктарын коргоо, эмгек акыны тең укуктуу негизде камсыз кылуу;

-укуктук-ченемдик актыларды даярдоого кесиптик бирликтердин жана иш берүүчүлөрдүн ролун чыңдоо.

 

Жаңы документ тараптардын биргелешип өнүгүүгө, социалдык адилеттүүлүккө жана өлкө жарандарын колдоого багытталган өнөктөштүктү бекемдөөгө болгон умтулуусун тастыктайт.

Пайдалуу
Ссылкалар