КР Эмгек министрлиги угуусу жана сүйлөөсү боюнча майыптыгы жарандар үчүн сурдокотормо кызматтарын көрсөтөт

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-июнундагы № 301 тескемесин негизинде угуусу жана көрүүсү боюнча майыптыгы бар жарандарга сурдокотормо кызматтарын көрсөтүүнү уюштуруп жатат.
Сурдокотормо кызматын Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган угуусу жана сүйлөөсү боюнча майыптыгы бар адамдар алууга укуктуу.
Майыптыгы бар жарандарга сурдокотормочунун кызматы билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелеринде, жарандык, администртивдик жана жазык иштери боюнча тергөө аракеттерин жүргүзүүдө, соттук териштирүүгө катышууда, документтерди, келишимдерди нотариалдык тариздөөдө, мамлекеттик же муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө жана мыйзамда каралган башка учурларда көрсөтүлөт.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-июнундагы № 301 тескемесине ылайык, “Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коому” коомдук бирикмесинен бир булактан сатып алуу методу менен угуусу жана көрүүсү боюнча майыптыгы бар жарандарга сурдокотормо кызматтарын сатып алуу боюнча келишим түзүлгөн.
Түзүлгөн келишимдин негизинде Министрликтин аймактык башкармалыгынын жолдомосу боюнча угуусу жана сүйлөөсү боюнча майыптыгы бар адамдарга сурдокотормо кызматы “Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коому” коомдук бирикмеси тарабынан көрсөтүлөт.
Сурдокотормочуга муктаж майыптыгы бар жарандар жашаган жери боюнча Министрликтин аймактык башкармалыктарына сурдокотормо кызматын көрсөтүү боюнча арызы менен кайрылышат.
Пайдалуу
Ссылкалар