Кыргызстан менен Тажикстан социалдык тармакта кызматташуу боюнча Меморандумга кол коюшту

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун Тажикстан Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында (2025-жылдын 8-9-июлунда) Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Тажикстан Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык жактан коргоо министрлигинин ортосунда Социалдык чөйрөдө кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду.
Документке Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Сабиров Равшанбек Азатович жана Тажикстан Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык коргоо министри Джамолиддин Абдулло Абдуллозода кол коюшту.
Меморандумдун максаты жарандардын аярлуу категорияларын колдоонун натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгуу аркылуу калкты социалдык жактан коргоо жаатында эки тараптуу кызматташууну бекемдөө болуп саналат. Кызматташуу социалдык саясат жана санариптештирүү боюнча тажрыйба алмашуу, гендердик мамилени өнүктүрүү, адистердин квалификациясын жогорулатуу, биргелешкен кесиптик иш-чараларга катышууну камтыйт.
Меморандумга кол коюу эки тараптуу мамилелерди чыңдоодогу маанилүү кадам болду жана тараптарга жарандардын бакубаттуулугуна багытталган актуалдуу социалдык көйгөйлөрдү биргелешип чечүүгө мүмкүндүк берет.
Пайдалуу
Ссылкалар