Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун ишмердүүлүгү тууралуу
КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун директору Бактыбек Кудайбердиев менен маек
– Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун негизги милдети эмнеде?
– Борбордун негизги милдеттери – Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө уюшкан түрдө ишке орноштуруу системасын өнүктүрүү, бара турган өлкөгө кирүү жана чет өлкөдө мыйзамдуу ишке орношуу маселелери боюнча маалыматтык-консультациялык кызматтарды көрсөтүү, чет өлкөлөрдөгү эмгек мигранттарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле республикадан тышкары жерде каза болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын сөөгүн Кыргыз Республикасына алып келүү чыгымдарын компенсациялоо болуп саналат.
– Борбор кайсы өлкөлөр менен кызматташат?
– Борбор Кыргызстандын жарандарын Корея, Улуу Британия, Түркия, Россия Федерациясы, Германия Федеративдик Республикасы сыяктуу өлкөлөргө ишке орноштуруу багытында иш алып барат. Жакынкы келечекте Италия жана Япония менен да кызматташуу пландалууда. Борбор кабыл алуучу өлкөлөрдүн расмий өнөктөштөрү менен гана кызматташууга багытталгандыгын белгилей кетким келет. Бул биздин жарандар үчүн эмгек миграциясынын ачык-айкын жана коопсуз каналдарын камсыз кылат.
-Борбор жарандарды чет өлкөгө чыгардан мурун даярдайбы?
– Ооба, Борбор жарандарга чет өлкөгө чыгар алдында активдүү түрдө окутууларды өткөрөт. Учурда Мигранттарды кетер алдында багыттоо жана реинтеграциялоо борборунда EPS (Employment Permit System) системасы боюнча Корея Республикасына бара турган жарандар үчүн 3 жолу алдын ала окутуу өткөрүлдү. Ошондой эле, биз Улуу Британияга айыл чарба иштерине жумушка орношууну көздөгөн талапкерлер менен да алдын ала окутууларды өткөрөбүз.
Чет өлкөгө чыгар алдындагы даярдык учурунда биз окутабыз. Булар:
- Маданияттар аралык адаптация: Бул жерде биз барган өлкөнүн маданияты, тарыхы жана каада-салты менен тааныштырабыз.
- Ишке орношуучу өлкөнүн Эмгек мыйзамдары боюнча маалымат беребиз.
- Эмгек укуктары бузулган учурда биздин жарандар кайсы жерлерге кайрыла аларын, чет өлкөдөгү дипломатиялык мекемелерибиздин даректерин жана “кызуу байланыш” линияларыбыздын байланыш маалыматтарын беребиз.
– Кыргыз Республикасынын жарандарын Түштүк Кореяда ишке орноштуруу кандайча жүргүзүлөт?
– Түштүк Кореяга жумушка орношуу үчүн, биринчиден, жарандар Корея Республикасынын Эмгек министрлиги тарабынан иштелип чыккан корей тилин билүү тестинен ийгиликтүү өтүшү керек. Экзамен жылына бир жолу эки этапта өткөрүлөт: биринчи этап – тил деңгээлин текшерүү, экинчиси – Skills Test, башкача айтканда, физикалык даярдыкты текшерүү.
Бул этаптардан ийгиликтүү өткөн жарандар медициналык кароодон өтүшөт (ВИЧ/СПИД, гепатит, кургак учук ж.б. ооруларга терс натыйжа алынышы керек), андан кийин анкеталары Талапкерлердин бирдиктүү базасына киргизилет.
Жумушчуларды тандоо иш берүүчүлөр тарабынан бирдиктүү базадан өз алдынча жүргүзүлөт, бул система анонимдүү болуп, коррупциялык тобокелдиктерди жокко чыгарат.
Программа башталгандан бери 5000ден ашуун Кыргызстандын жараны Кореяда иштеп келген, учурда 1700дөн ашуун КР жараны расмий түрдө иштеп жатат.
– Кореяда эмгек келишимдеринин мөөнөтү боюнча чектөөлөр барбы?
– Ооба, чет өлкөлүк жарандын Кореяда болуу жана иштөө мөөнөтү чектелген. Баштапкы этапта келишим 3 жылга түзүлүп, аны дагы 1 жыл 10 айга узартуу мүмкүнчүлүгү бар.
– Каттоо процесси кандай жүргүзүлөт?
– Мурда каттоо Бишкекте талапкерлердин жеке катышуусу менен өткөрүлчү, бул убакытты жана финансылык чыгымдарды талап кылчу. 2024-жылдан баштап биз migrant.kg сайтыбызда онлайн-каттоону киргиздик. Бул жарандар үчүн процессти жөнөкөйлөтүп, Борбордун арыздарды кароосун тездетти.
– Улуу Британияда жумушка орношуу үчүн кандай шарттар жана тандоо этаптары бар?
– 2022-жылдан баштап биз Улуу Британия Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген операторлор менен Кыргыз Республикасынын жарандарын айыл чарба тармагындагы сезондук жумуштарга орноштуруу боюнча кызматташууну баштадык. Бүгүнкү күндө Борбор түздөн-түз эки оператор – “Pro-Force” жана “HOPS Labor Solutions Ltd” менен кызматташабыз.
Учурдан пайдаланып, жарандарыбызга талапкерлерди этап-этабы менен тандоо кандайча жүргүзүлөрүн түшүндүрүп кетким келет.
Биринчи этапта биз өзүбүздүн веб-сайтыбызда жана Инстаграм баракчабызда белгилүү бир сандагы жарандар үчүн же белгилүү бир убакытка онлайн каттоону ачабыз; мунун баары биздин өнөктөштүн шарттарына жараша болот.
Экинчи этапта ийгиликтүү катталган талапкерлер орус тилин билүү боюнча тест тапшырышат. Бул тесттин суроолорун жана аны тапшыруу үчүн шилтемени британ тарап берет. Башкача айтканда, биз техникалык жактан тест процессине кийлигише албайбыз, анын жыйынтыктарына таасир эте албайбыз.
Үчүнчү этап — бул талапкерлер менен британиялык операторлордун өкүлдөрүнүн ортосундагы маектешүү. Маектешүү биздин өнөктөштөр Кыргызстанга келгенде, офлайн форматта өткөрүлөт.
Тандоо баскычтарынан өткөндөн кийин, талапкерлер 30 күндөн 6 айга чейинки мөөнөттө эмгек келишимдерин күтүшөт.
Бул программага катышуу үчүн жараныбыздын жалпы жарандык паспортунун болушу, 18 жаштан жогору болушу, туруктуу электрондук почтасынын болушу зарыл жана орус тилин жакшы билиши керек.
– Жарандар чет өлкөдө ишке орношуу маселелери боюнча кантип ылдам консультация ала алышат?
Бизде “1899 кызуу байланыш” линиясы иштейт, ал аркылуу жарандар эмгек миграциясы жана чет өлкөдө ишке орношуу боюнча бардык суроолоруна ыкчам жооп ала алышат. Жыл сайын биз 90 000ден ашуун чалууларды кабыл алабыз. Көбүнчө жарандар Россиядагы “кара тизмеден” кантип чыгуу, Түштүк Кореяга же Англияга кантип жумушка орношуу тууралуу сурашат.
– Борбор жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктери менен да кызматташабы? Бул кандайча ишке ашат?
– Ооба, сиз туура айтасыз, биздин жарандарды чет өлкөдө жумушка орноштуруу менен алектенген жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктери бар. Борбор аларга Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө ишке орноштуруу укугун ишке ашырууга уруксат берет. Бүгүнкү күндө 191 агенттик 30 багыт боюнча уруксатка ээ жана мыйзамдарга ылайык иш алып барып, жарандарга мыйзамдуу жана коопсуз жумушка орношууга жардам беришет.
-Чет өлкөдө трагедиялуу окуялар болгон учурда кандай колдоо чаралары көрсөтүлөт?
Жооп: Тилекке каршы, биздин жарандар чет өлкөдө каза болгон учурлар кездешет. Мамлекет Кыргыз Республикасынын жарандарынын сөөгүн мекенине алып келүүгө кеткен чыгымдарды жабуу үчүн жакын туугандарына бир жолку төлөм түрүндө жардам берет. Бул чара ушундай кайгылуу кырдаалдарга туш болгон үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган.
– Борбордун келечекке карата пландары кандай?
– Борбор Европага карай мыйзамдуу эмгек миграциясынын багыттарын кеңейтүүнү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн япон тили боюнча акысыз курстарды уюштуруу менен кийин Японияда ишке орноштурууну пландаштырууда. Ошондой эле, Борбор ачык-айкындуулукту жогорулатуу, коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу жана эмгек миграциясынын коопсуз каналдарын түзүү иштерин улантат.
– Жарандар толук маалыматты кайдан ала алышат?
– Жарандар толук маалыматты migrant.kg расмий сайтынан ала алышат же бизге Бишкек шаары, Токтогул көчөсү, 237 дареги же Ош шаары, Курманжан датка көчөсү, 128 дареги боюнча кайрылса болот.














