Эмгек министрлиги жана ПРООН УДАС 3.0 даярдоодо инклюзивдүү мамилени талкуулашты
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН) эксперттеринин катышуусунда Улуттук деңгээлде аныкталган салымдардын (УДАС) үчүнчү циклин (УДАС 3.0) иштеп чыгууда социалдык аспекттерди интеграциялоо маселелерине арналган жумушчу жолугушуу болуп өттү.
Жолугушууну министрдин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова ачып, климаттык саясатта инклюзивдүү ыкма өзөктүү мааниге ээ экенин белгиледи:
«Белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясында Кыргызстан 2050-жылга чейин көмүртек бейтараптыгына жетүүгө умтуларын билдирген. Ушуга байланыштуу, өлкөбүздө Улуттук деңгээлде аныкталган салымдардын (УДАС 3.0) үчүнчү этабын иштеп чыгуу процесси башталды. Анын борборунда – акыйкат өтүү, жыныстык теңчилик жана бардык социалдык топтордун кызыкчылыктары турат.
Бул контекстте УДАС 3.0 дү иштеп чыгуу – климаттык аракеттерди күчөтүү жана туруктуу келечекти калыптандыруу үчүн маанилүү кадам. Жаңыртылган милдеттенмелер экологиялык гана эмес, социалдык аспекттерди – аялдардын укуктарын, аярлуу топторду, анын ичинде майып адамдардын укуктарын да эске алышы зарыл», — деди ал.
А.Солтонбекова өз сөзүндө «УДАС 3.0 жаңы циклинин башталышы глобалдык климаттык аракеттерди күчөтүүдө чечүүчү мааниге ээ. Биз климаттын күчөгөн таасирлерине туш болуп жаткан шартта, бул жаңы милдеттенмелер илимий сунуштарга ылайык жогору амбицияларды чагылдыруусу зарыл» деп кошумчалады:
Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар УДАС 3.0’дү даярдоонун учурдагы процесси менен таанышып, социалдык чөйрөдөгү УДАС 2.0’нин алдын ала жыйынтыктарын карап чыгышты, ошондой эле калктын бардык катмарларынын кызыкчылыктарын эске алган инклюзивдүү чараларды иштеп чыгуунун форматын жана мөөнөттөрүн макулдашышты.
Айрыкча көңүл акыйкат өтүү, майып адамдардын укуктарын коргоо жана гендердик маселелерди эсепке алуу темаларына бурулду. Эксперттер социалдык аялуу жагдайларды аныктап, аларды жаңы документке киргизүү жолдорун сунушташты.
УДАС 3.0 ПРООНдун глобалдык Climate Promise демилгеси алкагында техникалык колдоо менен иштелип чыгууда. Бул демилге жыныстык теңчиликке, социалдык адилеттүүлүккө, инклюзивдүүлүккө жана климаттык билим берүүгө өзгөчө көңүл бурат.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги калктын аярлуу катмарларынын кызыкчылыктарын коргоп, акыйкат климаттык өтүүнү камсыз кылуу максатында УДАС 3.0дү даярдоо боюнча ведомстволор аралык ишке активдүү катышууну улантат.














