Равшанбек Сабиров: “Мамлекеттин милдети-ар бир балага толук, активдүү жашоого мүмкүнчүлүк берүү”
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров 28 балага заманбап кол протездерин тапшыруу аземине катышты.. Иш-чара Министрликтин 100 жылдык мааракесинин алкагында өттү . Иш-чаранын максаты – буту-колу ампутацияланган же тубаса кемтиги бар балдарга заманбап, функционалдык протездик колдор менен камсыз кылуу .
Иш-чаранын жүрүшүндө 28 бала заманбап протездерди алышты: алардын 25и «Киби» активдүү протездери, үчөө «Инди» жогорку технологиялуу бионикалык протездери менен камсыз болушту. Жалпы сандын ичинен 26 протез мамлекеттик бюджеттин эсебинен сатылып алынган (23 «Киби» жана 3 «Инди»). Россия Федерациясынан келген кайрымдуулук уюмдарынын колдоосу менен эки “Киби” протези алынган.
Иш-чарада Равшанбек Сабиров:«Бүгүнкү салтанат — өзгөчө окуя. Биз бул жерге жөн эле заманбап кол протездерин балдарга тапшыруу үчүн чогулган жокпуз, эң негизгиси — мамлекет ар дайым жанында экенин, эч ким көңүл сыртында, камкордуксуз жана колдоосуз калбай турганын билдирүү үчүн чогулдук».
Ал баса белгилегендей, заманбап активдүү «Киби» протездери электроникага муктаж эмес жана булчуңдардын активдүүлүгүнөн иштейт. Бул аппараттар ишенимдүү, суудан коркпойт жана балдарга ойноого, жазууга, объекттерди кармоого мүмкүндүк берет. Аларга ар кандай тиркемелерди туташтырууга болот – смартфон кармагычтан кол чыракка чейин.
Министрдин айтымында, мамлекеттин негизги милдети — ар бир балага толук кандуу, активдүү жашоого мүмкүнчүлүк берүү.
Протездердин баасы төмөнкүдөй:
- “Инди” бионикалык протези — 398 116 сом;
- “Киби” колдун манжасына чейин (предплечье) — 177 519 сом;
- “Киби” билекке чейинки протези — 136 052 сом.
Учурда 419 адам каттоодо турса, анын 40ы протезди күтүп жаткан балдар. Равшанбек Сабиров министрлик өз убагында жардам көрсөтүүгө болгон күч-аракетин жумшай турганын ишендирди. Ал ошондой эле «Сколково» инновациялык борборунун резиденти «Моторика» компаниясы менен ийгиликтүү кызматташууну, анын аркасында Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси балдарды заманбап жана сапаттуу продукция менен камсыз кылууда жогорку натыйжаларга жетишкенин белгиледи.















