Эмгек министрлиги жана «Ас-Сафа» борбору социалдык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу макулдашты

 

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабировдун демилгеси менен “Ас-Сафа” коомдук бирикмесинин аткаруучу директору Ибрагим Алиевич Мальсагов менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр «Ас-Сафа» борборунун Кыргызстандагы калктын аярлуу катмарынын социалдык абалын жакшыртууга кошкон көп жылдык салымы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

“Ас-Сафа ” коомдук бирикмеси өлкөнүн социалдык инфраструктурасын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн өзгөчө ыраазычылыкка татыктуу. Сиздердин уюм ири долбоорлорду ишке ашырды: аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн ондогон социалдык шаарчалар, мектептер жана лицейлер, мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн жатаканалар, заманбап медициналык мекемелер курулду. коргоо каражаттары, жабдуулар жана эң муктаж болгондорго колдоо көрсөтүү бул терең урмат-сый жана ыраазычылыкты жаратат», – деди министр Равшанбек Сабиров.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр «Ас-Сафа» борборунун Кыргызстандагы калктын аярлуу катмарынын социалдык абалын жакшыртууга кошкон көп жылдык салымы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

«Ас-Сафа» коомдук бирикмеси өлкөнүн социалдык инфраструктурасын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн өзгөчө ыраазычылыкка татыктуу. Сиздер тарабынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн ондогон социалдык шаарчалар, мектеп-лицейлер, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жатаканалар, заманбап медициналык мекемелер курулду. COVID-19 пандемиясы учурунда өлкөгө коргоо каражаттарын, жабдууларды жана муктаж адамдар үчүн колдоо көрсөтүп, ыкчам жана өтө маанилүү жардам бергенсиздер. Бул терең урматтоого татыктуу», — деди министр Равшанбек Сабиров.

Министр ошондой эле Эмгек министрлигине караштуу социалдык стационардык мекемелерди шефтикке алуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады. Ошондой эле майыптыгы бар балдар үчүн мектептерди жана аярлуу калк үчүн социалдык шаарчаларды куруп берүүнү сунуштады.

Өз кезегинде, Ибрагим Мальсагов министрликтин демилгелерин колдоп, «Ас-Сафа» борбору керектүү жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. Анын айтымында, уюм өз долбоорлорун донорлордун каржылоосу менен ишке ашырат.

«Биз социалдык шаарчаларды жана майыптыгы бар балдар үчүн мектептерди куруу, гуманитардык жардам берүү, кресло-коляскаларды жана азык-түлүк баштыкчаларын берүү сыяктуу зарыл жардамдарды көрсөтүүгө ар дайым даярбыз. Азыркы тапта Балыкчы жана Каракол шаарларында социалдык шаарчалардын курулушу жүрүп жатат. Бизге министрлик муктаж болгон жарандардын тизмесин берсе, жардам даректүү жетет. Долбоорлорубуз донорлор тарабынан каржыланат, жер тилкеси берилсе, калган иштерди биз өзүбүз бүтүрүүгө даярбыз», — деп баса белгиледи аткаруучу директор.

Министр өз кезегинде, жардам чындап муктаж болгондорго жетиши үчүн министрлик зарыл маалымат базасын берүүгө даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар социалдык чөйрөдөгү биргелешкен долбоорлорду системдүү жана натыйжалуу ишке ашырууга шарт түзгөн кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюуну макулдашты.

 

         

 

 

Пайдалуу
Ссылкалар