Эмгек министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу Россиянын ИИМнин Москва облусу боюнча миграциялык бөлүмдөрүндө жолугушууларды өткөрдү

 

2025-жылдын 15-16-июль күндөрү Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулунун Россия Федерациясына болгон иш сапарынын алкагында Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин Москва облусу боюнча миграция маселелери боюнча бир катар аймактык бөлүмдөрүнө барды.

Иш сапардын максаты — Россия аймагында контролдук каттоого алынган чет элдик жарандарды, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарын кабыл алуу жана легалдаштыруу процесстери менен практикалык деңгээлде таанышуу болду.

Иш сапардын алкагында орун басар төмөнкү Россия ИИМинин бөлүмдөрүнө барды:
–Россиянын ИИМнин Ленин району боюнча башкармалыгынын миграция маселелери боюнча бөлүмү (г. Видное),
– ИИМдин «Балашихинское» Миграция бөлүмү,
– Россиянын ИИМинин «Люберецкое» муниципалдык башкармалыгынын Миграция бөлүмү,
– Россиянын ИИМинин «Одинцовское» муниципалдык башкармалыгынын Миграция бөлүмү.

Иш сапардын жүрүшүндө жогоруда аталган миграциялык бөлүмдөрдүн жетекчилери менен жолугушуулар өткөрүлүп, анда легалдаштыруу жол-жоболорунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана Москва облусунда жана Москва шаарында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктук абалын жөнгө салуу маселелери талкууланды. Чет өлкөлүк жарандардын статусун жөнгө салууга багытталган Россия Федерациясынын Президентинин 2023-жылдын 30-декабрындагы №1126 Жарлыгын ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.

Мындан тышкары Бакыт Дарманкул уулу Россия Федерациясынын аймагында болуу маселелери боюнча жогоруда аталган ведомстволорго кайрылган Кыргыз Республикасынын жарандары менен жолугушууларды өткөрдү. Диалогдун жүрүшүндө ал миграциялык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн депортациялоону же чыгарууну болтурбоо үчүн 2025-жылдын 10-сентябрына чейин миграциялык статусту өз убагында жөнгө салуу зарылдыгын түшүндүрдү.

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Россия Федерациясындагы кыргызстандыктардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча Россиянын компетенттүү органдары менен активдүү өз ара аракеттенүүнү улантат.

 

                                 

                 

 

Пайдалуу
Ссылкалар