Эмгек министрлиги: 8,4 миңден ашуун адам убактылуу жумуш менен камсыз болду
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги коллегиянын жыйынында жарандарды эмгек рыногунун активдүү чаралары менен камтуу өсүп жатканын билдирди. 2025-жылы коомдук акы төлөнүүчү иштерге 5 738 адам жөнөтүлдү – бул өткөн жылга салыштырмалуу 21%га көп. Алардын ичинен 86 адам алыскы аймактарда кызмат көрсөтсө, 667 – айыл чарбасында, 797 – социалдык тармакта, 3 445 – инфраструктура тармагында, калган бөлүгү башка багыттарда иштешкен.
Ошондой эле, «Эмгек үчүн – тамак-аш» программасын ишке ашырууга 1 846 аз камсыз болгон үй-бүлө катышкан, “Жумушка (окутууга) накталай акча” схемасы боюнча 896 аз камсыз болгон үй-бүлө катышкан.
Отчеттук мезгилде эмгек рыногунун талабына ылайык, кыска мөөнөттүү курстардан 3 824 адам жөнөтүлүп, аяктагандардын ичинен 60,5% алган кесиби боюнча ишке орношту.
Министрликтин кесиптик багыт берүү борборлору жана аймактык бөлүмдөрү тарабынана туура кесип тандоо боюнча жалпысынан 40 404 жаранга кеңеш берип, алардын 23 805и – окуучулар жана бүтүрүүчүлөр, ал эми 16 599у – кесиби жок жумушсуз жарандар болгон.
















