Эмгек министрлиги: “Мекеним 1+1” программасы аркылуу 48 кыргызстандык өз ишин ачты

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин коллегиясында министрдин орун басары Бакыт Дарманкул уулу “Мекеним 1+1” эмгек мигранттарын жана мекендештерди колдоо боюнча улуттук программасынын жыйынтыктары тууралуу маалымат берди.
Анын айтымында, бул демилге эмгек мигранттары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан каражат топтоо жана капиталын инвестициялоо процессине көмөктөшүүгө багытталган. 2023–2024-жылдары ишке ашырылган пилоттук этаптын алкагында айыл чарба, өндүрүш, соода жана тейлөө тармактарындагы 21 чакан бизнеске гранттык колдоо көрсөтүлгөн. Долбоорлор Ош, Баткен, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустары менен Бишкек жана Чүй аймактарында ишке ашырылды. Жалпы гранттык сумма 7,7 млн сомду түзгөн, ал эми катышуучулардын жеке салымы 600 миңден 1 миллион сомго чейин болгон.
«Бүгүнкү күндө 48 адам өз ишин ачууга көмөк алды. Бул өлкө экономикасына кошулган реалдуу салым жана мигранттарыбыздын туруктуу кайтып келүүсүнө шарт түзөт», — деп белгиледи министрдин орун басары.
Мындан тышкары, Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-мартындагы №134 токтомунун негизинде “1+1” долбоору Баткен облусунда расмий түрдө башталган. Эл аралык миграция уюмунун (ЭМУ) каржылык колдоосу менен 27 кайтып келген мигрантка жалпы 7,34 млн сом (АКШ доллары менен 86,2 миң) бөлүнгөн.
Программа мындан ары да өнүгүп, министрликтин маалыматы боюнча азыркы тапта бул моделди өлкөнүн башка аймактарына кеңейтүү боюнча механизмдер каралууда.

Пайдалуу
Ссылкалар