Эмгек министрлиги: Россиядан кыргызстандыктарга 18 миллион рублдан ашык каражат кайтарылды

2025-жылдын алты айынын жыйынтыгында Москва шаарындагы Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлчүлүгү Россияда жашап, иштеп жүргөн мекендештердин укуктарын коргоо боюнча активдүү иштерди улантты. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн директору Жаркынай Галиева билдирди.
Анын айтымында, «январдан июнга чейин эмгек акыны убагында ала албай жаткан 621 жарандын атынан 244 кайрылуу келип түшкөн. Жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жана расмий кат алышуулардын негизинде 211 адамга жалпы 18 178 700 рубль компенсация төлөндү» — деди ал.
Мындан тышкары, өндүрүштүк жаракат алган 6 жаранга 6 224 400 рубль өлчөмүндө компенсация төлөнгөн.
Каза болгон мекендештердин сөөгүн кайтарып келүү маселеси өзгөчө көңүл борборунда. Бул багытта 55 кайрылуу келип түшүп, алардын чыгымдарын жабуу үчүн жалпы 3 940 000 рубль компенсация катары төлөндү.
Алты ай ичинде өкүлчүлүк тарабынан жарандарга 13 761 жолу жеке жана телефон аркылуу кеңеш берилди, ошондой эле 262 жолу Москвадагы полиция бөлүмдөрүнө барып, жардам көрсөтүлдү.
Ошондой эле, өкүлчүлүк 19 соттук отурумга катышып, 20 жаранга даттануу арызын түзүүгө көмөк көрсөттү, 21 жолу Сахарово шаарчасындагы чет элдик жарандарды убактылуу кармоочу борборлорго барды, жана Россиянын мамлекеттик мекемелеринин жетекчилери менен 41 жолугушуу өткөрүлдү, алардын ичинде Москва жана Москва облусундагы 8 медициналык уюмга баруу да болгон.
«Биз жашы жете элек балдар менен иштөөгө өзгөчө көңүл бурулат. Алты ай ичинде ата-энесиз калган же оор кырдаалга туш болгон 66 балага жардам көрсөтүлдү», — деп кошумчалады директор.
Эмгекке орноштуруу жаатында 1 907 бош кызмат оруну табылып, 1 154 жаран милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин алууда жардам алды. Жарым жыл ичинде өкүлчүлүктүн жалпы документ жүгүртүү көлөмү 4 022 документти түздү.
Россияда миграциялык мыйзамдардын өзгөрүшүнө байланыштуу өкүлчүлүк түшүндүрүү иштерин да активдүү жүргүзүүдө. Түнү-күнү иштеген байланыш телефону бар, мындан тышкары, РФ ИИМдин Миграция маселелери боюнча башкы башкармалыгынын жетекчилиги менен 8 жолу жолугушуу өткөрүлдү.
Ошондой эле, 2025-жылы Россиянын ар кайсы шаарларында 7 900дөн ашык адамдын катышуусунда 73 жолугушуу уюштурулган.
       
Пайдалуу
Ссылкалар