Эмгек министрлиги: Жарым жыл ичинде 14 миң кыргызстандык чет өлкөлөрдө ишке орноштурулду

2025-жылдын январь-июнь айларында Министрликке караштуу жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору тарабынан 150,3 миң кеңеш берилген — бул 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 194%га көп (77,3 миң кеңеш). Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин коллегиясында айтылды.
Бүгүнкү күндө миграция тармагында 29 өлкөдө ишке орноштуруу кызматтарын көрсөткөн 192 жеке агенттик иш жүргүзүп жатат.
2025-жылдын башынан бери Борбордун көмөгү менен чет өлкөлөрдө 14 010 жаран ишке орноштурулду — бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 30,5%га көп (2024-жылы — 10 711 адам).
Ошондой эле Улуу Британиянын Pro-Force жана HOPS операторлору менен кызматташтык уланууда. Жалпы 35 509 арыз катталып, алардын ичинен 3 250 талапкер маектешүүгө чакырылды.
Пайдалуу
Ссылкалар