Кыргызстанда адам сатууга каршы күрөшүү чаралары талкууланды
Адамдарды сатууга каршы күрөшүүнүн Бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги өлкөдө адамдарды сатуунун алдын алуу, аныктоо жана ага каршы аракеттенүү маселелерине арналган семинар уюштурду.
Иш-чара адам укуктарын коргоо жана адам сатууга каршы күрөшүү тармагында иштеген мамлекеттик органдардын, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүн, эксперттерди, журналисттерди жана активисттерди чогултту.
Семинардын алкагында миграция жана адамдарды сатуунун алдын алуу маселелеринде Кыргызстан туш болгон негизги чакырыктар, ошондой эле мамлекеттик түзүмдөр менен өнөктөштөрдүн ортосундагы улуттук жана эл аралык деңгээлдердеги өз ара аракеттенүү механизмдери талкууланды.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Б.Дарманкул уулу ведомстволор аралык кызматташтыктын жана калктын аярлуу топторунун арасында профилактикалык иштердин маанилүүлүгүн белгиледи. Өзгөчө көңүл эмгек миграциясы, эксплуатациялоо маселелерине жана жарандарды тобокелдиктер жана коргоо ыкмалары жөнүндө маалымдоо зарылдыгына бурулду.
Иш – чарада өлкөдөгү учурдагы кырдаал жөнүндө аналитикалык маалымат берилип, жабыр тарткандарга жардам берүүнүн ийгиликтүү учурларынын мисалдары жана ченемдик-укуктук базаны бекемдөө боюнча аткарылган иштер көрсөтүлдү.
Семинар активдүү дискуссия жана адамдарды сатуунун курмандыктарын алдын алуу, аныктоо жана реабилитациялоо механизмдерин мындан ары жакшыртуу боюнча сунуштар менен алмашуу менен аяктады. Катышуучулар бул маанилүү багытта биргелешкен ишти улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

2025-08-05














