Р. Сабиров:”Мамлекет өзгөчө колдоого муктаж болгондордун жанында болушу керек”
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров Чүй облусунун Жаштардын майыптар союзу коомдук бирикмесине барды. Бул коммерциялык эмес уюм 2005-жылдан бери майыптыгы бар жаштарга ар тараптуу колдоо көрсөтүп келет. Жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаты Винера Раимбачаева жана район акими да катышты.
Бул уюм Чүй аймагында кесиптик окутуу жана ишке орношуу мүмкүнчүлүгүн түзгөн маанилүү борборлордун бири болуп калды. Бирикменин базасында жыгач устачылык жана тигүү өнөрү боюнча ишканалар иштейт. Жаштар бул жерден керектүү кесиптерди үйрөнүп, өз алдынча жашоого жана экономикалык көзкарандылыктан арылууга жол табышууда.
Министр столярдык жана тигүү цехтеринин иши менен таанышып, программалардын катышуучулары менен баарлашып, уюмдун жамаатына ишке берилгендиги үчүн ыраазычылык билдирди.
«Мамлекет өзгөчө колдоого муктаж адамдардын жанында болушу керек. Сиздердин Союз сыяктуу уюмдар инклюзивдүү коомду өнүктүрүүгө зор салым кошуп жатат жана ар тараптуу колдоого татыктуу», — деп баса белгиледи Равшанбек Сабиров.
Министр ошондой эле майыптыгы бар адамдар өздөрү гана иш менен камсыз болуп калбастан, башкаларга да жумуш орундарын түзүп жаткан демилгелерди колдоо абдан маанилүү экенин белгиледи.
«Бүгүн мен бул жерден жөн гана өндүрүштүк цехтерди эмес, ишенимдүү жана күчтүү жамаатты көрдүм. Ушундай долбоорлорго салынган ар бир сом — бул биздин жалпы келечекке инвестиция», — деп кошумчалады министр.
«Союздун» ишмердүүлүгүндөгү маанилүү багыттардын бири — мамлекеттик социалдык заказдарды ишке ашырууга катышуу. Ушул сыяктуу программалар аркылуу майыптыгы бар адамдар окуу курстарына, каржылык колдоого жана жашоонун сапатын жакшыртууга жардам берген мүмкүнчүлүктөргө ээ болушууда.
«Кандай гана кыйынчылыктар болбосун, сиздердин уюм адамдын потенциалына ишенүү, туруктуулук жана колдоонун аркасында чоң жыйынтыктарга жетүүгө болорун көрсөтүүдө», — деп белгиледи депутат Винера Раимбачаева жана командага, катышуучуларга коомго кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип.
Эмгек министрлиги мамлекеттик социалдык заказдын алкагында коммерциялык эмес уюмдарды колдоо үчүн жыл сайын каражат бөлөт. Чүй облусунун Жаш майыптар союзу — бул каражаттар коомдун бакубатуулугу үчүн кандайча натыйжалуу пайдаланылышы мүмкүн экенинин мисалы.















