Кыргызстан менен БУУ – умтулуудагы тилектештик
2025-жылдын 6-августунда Бишкек шаарында “Кыргыз Республикасында карылар менен майыптыгы бар адамдардын жашоо сапатын жакшыртуу боюнча жаңы кабыл алынган ченемдик укуктук актыларды ишке ашыруу” темасында үч күндүк семинар башталды. Иш-чаранын уюштуруучулары КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жана БУУнун Экономикалык жана социалдык маселелер боюнча департаменти (UNDESA) болуп саналат. Семинарга тиешелүү ведомстволордун, социалдык мекемелердин жана эл аралык өнөктөштөрдүн адистери катышты.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров Президент Садыр Жапаровдун адилеттүү коом куруу багыты өзгөчө муктаждыктары бар адамдарга тең укук жана мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууну мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багытына айлантарын баса белгиледи. “Муну Кыргыз Республикасынын Президентинин сентябрда боло турган БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясынын жогорку деңгээлдеги жумалыгына катышуусу тастыктап турат”, – деп белгиледи Сабиров.
Министр UNDESAнын колдоосу менен Кыргызстанда калктын карышы темасында изилдөө жүргүзүлгөнүн, 2023-2030-жылдарга “Жеткиликтүү өлкө” программасы иштелип чыкканын жана “Социалдык кызматтар жөнүндө” мыйзам долбоору даярдалганын эске салды. “Бүгүн сиздердин катышууңуздар майыптардын укуктарын алга жылдыруу үчүн гана эмес, ошондой эле эл аралык коомчулуктун социалдык инклюзияга болгон умтулуубузга болгон тилектештигинин белгиси. Биз реабилитациялык системаларды, миграциялык саясатты өнүктүрүүгө, социалдык кызматтарды көрсөтүүгө жана жалпы эле адилеттүү социалдык системаны курууга колдоо көрсөткөнүңүз үчүн ыраазыбыз”, – деп белгиледи ал.
Семинардын милдеттеринин арасында: майыптык жана карылык чөйрөсүндөгү эл аралык нормаларды талкуулоо, улгайган жарандарга карата мамлекеттик саясатты ишке ашырууну баалоо, алсыз топтордун экономикалык көз карандысыздыгын жакшыртуу, реабилитациялык кызматтарды өнүктүрүү жана МТСОМдун ведомстволук мекемелеринин ролун күчөтүү.

2025-08-06














