Равшанбек Сабиров: Региондорго заманбап реабилитациялык борборлор керек

2025-жылдын 6-августунда Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында жаңы реабилитациялык борборду куруу үчүн бөлүнгөн жер тилкеси менен таанышты.
Сапардын максаты – майыптуулугу бар жарандарга , анын ичинде физикалык жана менталдык түрдө ар кандай оорулары бар адамдарга комплекстүү социалдык реабилитация кызматтарын көрсөтө турган мекемени жайгаштыруу мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө болду. Борбор жыл бою үзгүлтүксүз иштеп, заманбап стандарттарга ылайык курулат.
Борборду куруу жана керектүү жабдуулар менен камсыз кылуу үчүн каражаттар Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фондунан бөлүнөт.
Министр белгилегендей, реабилитациялык инфраструктураны аймактарда өнүктүрүү – мамлекеттик социалдык саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири. Жаңы борбор ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын жашоо сапатын жакшыртууга жана социалдык коргоо тутумун бекемдөөгө олуттуу салым кошот.
   
Пайдалуу
Ссылкалар