Эмгек министрлиги: 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында 25 миңден ашык документ иштелип чыкты
Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу жана туруктуу өнүктүрүү боюнча өлкө жетекчилигинин чечимдерин ишке ашыруу максатында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги коюлган милдеттерди өз убагында жана сапаттуу аткаруу боюнча активдүү иш алып барууда.
Министрликтин маалыматына ылайык, 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан бир топ иштер аткарылды.
Министрликтин ишинде аткаруучулук тартипти сактоого жана жарандардын кайрылууларын кароого өзгөчө көңүл бурулат. Документ жүгүртүүнү туура жүргүзүү министрликтин ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугуна түздөн-түз таасир этери белгиленди.
Анализдин жыйынтыгына ылайык, үстүбүздөгү жылдын январь-июнь айларында министрликке 17 029 документ келип түшкөн, 25682 документ иштелип чыккан. Министрлик 87% документ белгиленген мөөнөттө аткарылганын билдирди.














