Иш учурунда алган жаракаттар жана майыптык үчүн бир жолку жөлөк пул төлөө тартиби тууралуу токтом кабыл алынды

Эмгекчилердин социалдык корголушун күчөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан 2025-жылдын 4-августунда № 465 кабыл алынган токтому менен “Кызматкердин эмгектик милдеттерин аткаруусуна байланыштуу ага мертинүүнүн, кесиптик оорунун, ден соолугуна башка зыян келтирүүнүн натыйжасында ал майып болгон же каза болгон учурда бир жолку жөлөкпул төлөөнүн тартиби жөнүндө жобо” бекитилди. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 219-беренесинин жоболорун ишке ашырууга багытталган жана кызматкер эмгек милдеттерин аткаруу процессинде майып болуп калганда, жаракат алганда, кесиптик ооруга чалдыкканда же каза болгон учурда бир жолку жөлөк пул берүүнүн бирдиктүү тартибин белгилейт. Жобо менчик формасына карабастан бардык мекеме, уюм жана ишканалардын кызматкерлерине тиешелүү. Бир жолку жөлөкпулду эсептөө механизмдери жана төлөө тартиби тууралуу кеңири маалымат Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин расмий сайтына жайгаштырылган же шилтеме аркылуу таанышса болот

https://mlsp.gov.kg/ru/postanovlenie-ob-utverzhdenii-polozheniya-o-poryadke-vyplaty-edinovremennogo-posobiya-v-sluchae-nastupleniya-invalidnosti-v-rezultate-prichinennogo-vreda-rabotniku-uvechem-professionalnym-zabol/

Пайдалуу
Ссылкалар