Бишкекте улгайган жарандардын жана майыптыгы бар адамдардын жашоо сапатын жогорулатуу боюнча жаңы нормативдик-укуктук актыларды ишке ашыруу темасында үч күндүк семинар болуп өттү

2025-жылдын 6–8-августунда Бишкек шаарында, «Кыргыз Республикасында улгайган адамдардын жана майыптыгы бар адамдардын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган жаңы кабыл алынган нормативдик укуктук актыларды ишке ашыруу» темасында семинар болуп өттү. Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги БУУнун Экономикалык жана социалдык маселелер боюнча департаментинин (UNDESA) техникалык колдоосу менен уюштурду.
Семинардын алкагында Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров БУУнун өкүлү, Экономикалык жана социалдык маселелер департаментинин социалдык маселелер боюнча адиси Роберт Венне менен расмий жолугушуу өткөрүштү. Жолугушууда тараптар социалдык коргоо жаатындагы кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын, анын ичинде БУУнун майыптыгы бар адамдардын укуктары жөнүндөгү конвенциясын ишке ашыруу, абилитациялык жана реабилитациялык кызматтарды өнүктүрүү, ошондой эле Кыргызстандагы улгайган жарандар менен мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жашоо сапатын жакшыртуу маселелерин талкуулашты.
Семинарга Эмгек министрлигинин кызматкерлери, ошондой эле башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү — Башкы прокуратура, Ички иштер министрлиги, Социалдык фонд, Мамлекеттик кадр кызматы, Саламаттык сактоо министрлиги, Улуттук статистика комитети, Социалдык коргоо департаменти, социалдык стационардык мекемелер, реабилитациялык борборлор, ошондой эле эл аралык жана улуттук эксперттер катышты.
Иш-чаранын максаты — Кыргыз Республикасында улгайган адамдардын жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын социалдык коргоо системасын өркүндөтүү.
Семинардын негизги темалары төмөнкүлөр болду:
• Эл аралык жана улуттук деңгээлдеги мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана калктын картаюусу боюнча нормативдик укуктук актылар менен таанышуу;
• 2019–2025-жылдарга карата улгайган жарандардын жашоо сапатын жогорулатуу боюнча иш-чаралар планын аткарууну талдоо;
• Калктын аялуу катмарларынын экономикалык көзкарандысыздыгын жогорулатуу;
• Реабилитациялык жана социалдык кызматтарды өркүндөтүү;
• Социалдык кызматтардын алуучуларынын ишке жарамдуулук маселелерин чечүү;
• Социалдык кызматтарды каржылоо жана стандартташтыруу механизмдерин иштеп чыгуу.
Семинар катышуучулары интерактивдүү сессияларга активдүү катышып, мыйзамдарды өркүндөтүү, кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу жана улгайган жарандар менен мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарын коргоо боюнча сунуштар жана практикалык сунуштамаларды иштеп чыгышты.
Семинардын жыйынтыгында минимтсрлик менен UNDESA өкүлдөрү эл аралык стандарттарды киргизүү жана Кыргызстандагы социалдык саясаттын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн кызматташууну улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти.
Пайдалуу
Ссылкалар