“Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду

“Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2025-жылдын 18-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Аталган Мыйзам БУУнун Майыптардын укуктары жөнүндө Конвенциясынын (2019-жылдын 13-мартындагы Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган) ченемдерин ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.
Мыйзамда майыптыгы бар адамдарды реабилитациялоо жана абилитациялоо, алардын социалдык, саясий укуктары жана кепилдиктери, саламаттык сактоо жана медициналык-санитардык жардам, эмгекти коргоо жана эмгек иши, билим берүү жана маданият чөйрөсүндөгү укуктары жана кепилдиктери, инфратүзүмдүк объекттерге жеткиликтүүлүк укугу ж.б. жөнүндө ченемдер каралган.
Пайдалуу
Ссылкалар