«Келечек» реабилитациялык борборунда 6 ай ичинде 392 бала реабилитациядан өттү
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу «Келечек» реабилитациялык борбору 2025-жылдын алгачкы алты айындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды. Эсептик мезгил ичинде 392 бала реабилитациялык кызматтарды алган, алардын ичинен 88и алгачкы жолу кайрылган. Жыныстык курамы боюнча быйыл эркек балдар 57%ды, кыздар 43%ды түздү.
Борбор кызмат көрсөткөн балдардын эң көбү Бишкек шаарында жашайт — 91 бала. Андан кийинки орундарда: Чүй облусу — 62, Жалал-Абад облусу — 55, Нарын облусу — 53, Ысык-Көл облусу — 51, Ош облусу — 35, Талас облусу — 27 жана Баткен облусу — 18 бала.
Борбор 4 жаштан 18 жашка чейинки, Даун синдрому, жеңил деңгээлдеги акыл-эсинин артта калуусу, жеңил формадагы аутизм жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулуусу бар мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга акысыз комплекстүү реабилитациялык кызматтарды көрсөтүү максатында түзүлгөн.
Реабилитациялык борбор стационардык жана күндүзгү жатак режиминде иш жүргүзөт. Анын курамында төмөнкү бөлүмдөр бар:
- Кеңеш берүү-диагностикалык бөлүм;
- Медико-социалдык реабилитация бөлүмү (физиотерапиялык дарылоо, парафин-озокеритотерапия, дарылоочу массаж, стоматологиялык дарылоо, ЛФК);
- Психологиялык-педагогикалык реабилитация бөлүмү (логопеддик жана дефектологдук коррекция, психотерапия, колдун манжаларына тактилдик стимул берүүчү массаж, майда моториканы өнүктүрүү, предметтик оюндар, компьютердик оюндар, эрготерапия, агротерапия, арттерапия, музыкатерапия, сенсордук бөлмө жана башка кызматтар);
- Административдик башкаруу бөлүмү.
Борборго кабыл алуу райондук/шаардык/межрайондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктарынын багыты боюнча (борбор жетекчилиги менен макулдашуу аркылуу), МСЭК же жашаган жери боюнча үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун (ҮДБ) дарыгерлеринин сунуштамасына ылайык жүргүзүлөт.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги реабилитацияга муктаж болгон балдарды колдоого жана алардын толук кандуу, гармониялуу өнүгүүсү үчүн заманбап шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурууну улантууда.















