Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде — жаңы дайындоолор
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Администрациянын Жетекчиси Адылбек Алешович Касымалиевдин тескемесине ылайык, Орозбаева Айнура Джантаевна Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары болуп дайындалды. Министрликке караштуу Майыптыгы бар адамдарды реабилитациялоо борборунун директору болуп Сейдалиев Рысбай Көчкөнбаевич дайындалды.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров жаңы жетекчилерди эмгек жамаатына тааныштырып, аларга ийгиликтерди жана жемиштүү ишмердүүлүктү каалады.

2025-08-15














