Эмгек министри Равшанбек Сабиров Global HRD Institute компаниясынын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү
2025-жылдын 15-августунда Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Сабиров Р.А. Корея Республикасынын Global HRD Institute компаниясынын президенти жана вице-президенти менен жолукту.
Иш-чара 2025-жылдын июнь айында кол коюлган кызматташтык жөнүндөгү меморандумду ишке ашыруу жана буга чейинки болгон сүйлөшүүлөрдүн уландысы катары өттү.
Жолугушууда тараптар Кыргыз Республикасынын жарандарын Корея Республикасынын өндүрүш тармагында ишке тартуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Айрыкча ширетүүчүлүк тармагында квалификациялуу кадрлардын жетишсиздиги маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Бул багыттагы адистерди Корея Республикасына тартуу үчүн шарттарды түзүү максатында бир катар сүйлөшүүлөрдү өткөрүү пландалууда.
Катышуучулар өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүү өз ара пайдалуу кызматташтыкты бекемдөөгө жана эки өлкөгө тең олуттуу пайда алып келээрине ишенимдерин билдиришти.

2025-08-15














