Эмгек министринин орун басары Эл аралык миграция уюмунун аймактык өкүлү менен жолугушту

2025-жылдын 20-августунда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу Эл аралык миграция уюмунун (ЭМУ) аймактык өкүлү Серхан Актопрак менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда тараптар долбоорлордун учурдагы ишке ашырылышын талкуулап, негизги маселе катары ЭМУнун мигранттар үчүн алдын ала медициналык кароолорду уюштуруу демилгеси каралды. Кыргызстан бир катар өлкөлөрдүн жарандарын кабыл алуучу мамлекетке айланып жаткандыгы белгиленип, саламаттык сактоо жана эпидемиологиялык коопсуздук маселелеринин өзгөчө актуалдуулугу белгиленди.
Ушуга байланыштуу тараптар чет өлкөлүк мигранттарды алдын ала медициналык кароодон өткөрүү боюнча пилоттук программаны ишке киргизүү мүмкүнчүлүгүн жана чет өлкөгө иштөө үчүн чыгып жаткан Кыргызстандын жарандарына да ушундай тажрыйбаны киргизүү перспективаларын талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар миграциялык саясат жаатындагы кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө жана эмгек мигранттарынын укуктарын Кыргызстанда жана бүткүл аймакта коргоону чыңдоого даяр экендиктерин билдиришти.
Пайдалуу
Ссылкалар