Эмгек министрлигинин кызматкерлери «Өкмөттүк акселераторлор» программасынын алкагында жүргүзүлгөн реформага кошкон салымы үчүн сыйланышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев «Өкмөттүк акселераторлор» программасынын алкагында жүргүзүлгөн реформалардын жыйынтыгы боюнча бир катар мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин кызматкерлери медико-социалдык экспертиза (МСЭК) тармагындагы реформаларга олуттуу салым кошушуп, жарандар үчүн бул процесстерди дагы жеткиликтүү, ачык жана ыңгайлуу кылууга өбөлгө түзүштү.
2025-жылдан тартып аталган тартип толугу менен электрондук форматка өткөрүлүп, «Өкмөттүк акселератордун» 100 күндүк программасынын алкагында автоматташтырылды. Эми:
• жаран жашаган жериндеги үй-бүлөлүк медицина борборуна кайрылат;
• организмдин функцияларынын бузулуусу тастыкталганда дарыгер МСЭКке электрондук жолдомо түзөт (№088 форма);
• бардык зарыл болгон документтер (паспорт, күбөлүктөр, медициналык корутундулар ж.б.) жарандын катышуусуз эле электрондук түрдө жөнөтүлөт;
• кароонун датасы белгиленет, ал эми анатомиялык кемчиликтер болгон учурда (мисалы, ампутация) экспертиза жарандын жеке катышуусуз эле, аралыктан өткөрүлүшү мүмкүн.
Мурда жарандарга алтыга чейин ар кандай маалымкат берилчү, эми алардын баары бирдиктүү санариптик маалымкатка бириктирилди. Ошондой эле реабилитация жана абилитациянын жеке программалары электрондук форматка өткөрүлүп, «Түндүк» системасы аркылуу жеткиликтүү болуп калды.
                                 
Пайдалуу
Ссылкалар