Аялдардын жетишкендиктеринин көргөзмөсү: Эмгек министри кыргызстандык ишкер айымдардын долбоорлорун тааныштырды

“Дүйнөнү өзгөрткөн Аял-Лидер” форумунун алдында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров Кыргызстандын Биринчи айымы Айгүл Жапаровага жана Өзбекстан Президентинин Аппаратынын жетекчиси Саида Мирзиёевага таланттуу кыргызстандык ишкер айымдардын көргөзмөсүн тааныштырды.
“Көргөзмөнүн максаты – улуттук өнөрчүлүктүн белгилүү бренддери жана чеберлери өзүлөрүнүн мыкты эмгектерин элге тартуулап, салттардын жана заманбап тенденциялардын гармониясын көрсөтө турган абройлуу аянтча түзүү”, – деп баса белгиледи министр.
Министрдин айтымында, көргөзмөдө 13 компания өзүнүн өзгөчө эмгектерин сунуштап, кыргыз салтынын байлыгын жана кол өнөрчүлүктөгү заманбап ыкмаларды айкалыштырып көрсөттү. Мисалы, “Супара-Шоро” конокторду боз үйлөрү жана салттуу үйлөрү бар кыргыз айылынын атмосферасына алып барса, “Шоро” компаниясынын бренди арпа талканынан, балдан жана жаңгактан жасалган таттууларды сунуштады.
«Бир айыл – бир продукт +1» долбоору жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоп, сапаттуу азык-түлүк, кийиз буюмдары жана табигый косметика сунуштады. «Кеште» кол менен тигилген өзгөчө белдемчи, корсет жана сумкаларын көрсөтсө, «Сайма» оригиналдуу кийизден жасалган сувенирлерди жана жасалга буюмдарын сунуштады. «Вуул кж» жүн жана жибектен жасалган сувенирлерди сунуштаса, “Экофлора” териге жана денеге кам көрүү үчүн толугу менен табигый каражаттарды, анын ичинде катуу самындардын бир нече түрүн тартуулады.
Заманбап көз карашты «Кыргыз Хендмейд» көрсөтүп, шырдак, интерьер буюмдары жана жаратылыштан алынган материалдардан аксессуарларды чыгарса, үй-бүлөлүк «Уулман» бренди жибек, зыгыр, пахта жана жүндөн жасалган кийимдерде салт менен заманбап техника айкалышкандыгын сунуштады.
Равшанбек Сабиров белгилегендей, «Маунтейн Чедер Вулмес» меринос жүнүн ийрип, боёп, жылуу жана кооз буюмдарды жасоо менен алектенет. «ТУМАР» арт-группасы экологиялык таза бут кийим жана жүндөн жасалган буюмдарды чыгарса, «Кат э дэш» бренд салттуу техникага жаңычыл дем берип, кездеме калдыктарынан өзгөчө буюмдарды сунуштады. Жыйнакты «Чапансар» жыйынтыктап, кыргыз мурастарын мода аркылуу жандандырып, эркектер жана аялдар үчүн чапандарды, кенен шарфтарды жана балдарга арналган буюмдарды көрсөттү.
Форум Кыргызстандын жана Өзбекстандын аял-лидерлерин кызматташтыкты чыңдоо жана тажрыйба алмашуу үчүн бириктирип, аялдардын лидерлигинин экономика, санариптик технологиялар, экология, билим берүү жана мамлекеттик башкаруу тармактарындагы маанилүү аспектилерин талкуулады. Өзгөчө көңүл аялдар менен кыздардын билим берүү, ишкердик жана инновациялар аркылуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, ошондой эле алардын туруктуу өнүгүүдө, анын ичинде экологиялык жана климаттык демилгелерде ролун илгерилетүүгө багытталган иш-чараларга бурулду.
   
Пайдалуу
Ссылкалар